КОВАЛЕНКО Борис Гаврилович
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОВАЛЕ́НКО Борис Гаврилович (19. 7. 1929, Фрунзе – 11. 1. 2007, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1971), профессор (1977). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1954), СССР ИАнын Ленинград энергетикалык ин-тунун аспирантурасын (1957) бүтүргөн. 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, Кыргыз ирригация ИИИде жетектөөчү илимий кызматкер (1993–2007). Гидромелиорация тармактарын автоматташтыруу, суу ресурстарын комплекстүү ирригация-энергетикалык пайдалануу боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, 5 монография, 20 авторлук күбөлүктүн ээси.
Эмг.: Оптимизация планов развития орашения (в соавторстве). Ф., 1972.