КУЛМАТОВ Кеңеш Нурматович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛМАТОВ Кеңеш Нурматович (25. 05. 1934, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Чүй району, Ак-Бешим кыштагы) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, элчи, тарых илимдеринин доктору (1984); Кыргыз Республикасынын УИАнын ардактуу академиги (2003). Кыргыз Мамлекеттик университетин (1956), СССР Тышкы Иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (1985) бүткөн. 1964–1973-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1-секретары, партиянын Фрунзе шаардык Свердлов райкомунун 1-секретары, Фрунзе шааркомунун 2-, 1-секретары,

СССР Жогорку Советинин 6-чакырылышын (1962–1965) депутаты, 1973–1984-жылдары Кыргызстан КП БКнын секретары, 1984–1992-жылдары Шри Ланка Демократилык Соцалисттик Республикасында, Мальдив Респпубликасында Непал королдугунда СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КМШ өлкөлөрү боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары, Россия Федерациясынын (РФ) Тышкы Ииштер министрлигинде өзгөчө тапшырма боюнча элчи, РФ Коомдук ИАнын профессору, 1992–2003-жылдары РФтин Танзания Бириккен Республикасында атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, 2003-жылдан Бүткүл россиялык окумуштууларды колдоо үчүн уюшулган «Илим келечеги» фондусунун вице-президенти, РФ ТИМдин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык актуалдуу маселелер институтунун директорунун 1-орун басары. РФтин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык ранганын ээси (1991). Кыргызстан КПнын тарыхына жана улут аралык ма­милелерге арналган 100дөн ашуун илимий эмгектин (а. и. 2 монография) автору. 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Манас (2002), «Даңк» (2024), РФтин 1-даражадагы А. Горчаков ордендери менен сыйланган.