ИСТАМБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич [03. 07. 1903, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Ичке-Жергез кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) – 09. 01. 1939, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – аскердик жана коомдук иш­мер, подполковник, респ­убликанын алгачкы аскер комис­сары.

Ата-энеси менен бирге 1906–1913-жылдарда Иркутскиде сүргүндө жүргөндө атасы Бекембай оорудан кайтыш болуп (1911), энеси Үмүт уулу Аденди ээрчитип алып, эки жылда Ысык-Көлгө кайтып келишкен. Алгач диний мектептен сабатын ачкан жана 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып, 1917-жылы кайра келген. 1918–1921-жылдары Караколдогу башталгыч мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы аскер педагогикалык жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых факультетин, Ле­нинграддагы аскер тактика­сын окутуучуларынын кур­сун, Москвадагы В. И. Ле­нин атындагы саясий академия­ны (1937) бүтүргөн. 1922–19824-жылдарда 813- (өзгөчө) ротанын коман­диринин жардамчысы, командири, 1924–1931-жылдарда Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, со­гуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, партком­дун жооптуу секретары, 1931–1932-жылдарда Орто Азия ас­кер округунун атчандар мектебинде окуу бөлү­мүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–1933-жылдарда парткомдун жооптуу секретары, 1933–1936-жылдарда ка­зак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 1936–1937-жылдарда 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–1937-жылдарда Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айы­нан полктун командири болуп иштеген. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шаарко­мунун бюро мүчөсү (1937). 1937-жылы декабрда бур­жуазиялык улутчул деген жалаа менен камакка алынган. 1939-жылы СССРдин коргоо министринин (К. Ворошилов) кийлигишүүсү менен акталып, камактан бошотулган. Бирок көп өтпөй көз жумган. 1958-жылы толук ак­талган. Ак-Суу райондук кеңешинин 1992-жылы 4-августта чечими менен А. Истамбековдун ысымы Ичке-Жергез мектебине берилген.

Ад.: Тунтеев Н. С. Красные кавалеристы Кыргызстана. Б., 1994.