КЫТАЙ Эл Республикасы
КЫТАЙ (кытайча – Чжунго; кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет, сөзмө-сөз – Ортонку мамлекет), К ы т а й Э л Р е с п у б л и к а с ы (КЭР; кытайча Чжунхуа жэньминь гунхэго) – Борб. ж-а Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан ж-а түш.-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай ж-а Түш. Кытай деңиздери (жээк сызыгынын уз. 18 миң кмден ашуун) м-н чулганат; жээктей көптөгөн арал-

дар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык м-н өткөн чек арасынын уз. 22,8 миң км. Түн.-чыгышынан КЭДР ж-а Россия, түндүгүнөн Моңголия, түн.-батышынан Россия, Казакстан ж-а Кырг-н, батышынан Тажикстан, Афганстан, о. эле Пакистан, түш.-батышынан ж-а түштүгүнөн Индия, Непал ж-а Бутан, түш.-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам м-н чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Россия ж-а Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2009, дүйнөдө 1-орунда).
Борбору – Пекин. Расмий тили – кытай тили.
792 - 796 барактары кошулат







лар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түш.- Батыш К-да жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түш. К-да) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түш. К-да) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен Түн. ж-а Түн.- Батыш К-да) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу,
өзбек, татар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түн.-чыгышында) 0,2%ти түзөт.О.элеК-дынтүн.-батышчет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар),
Түш. К-да – австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда – австронезиялык-гаошандар жашайт. К-дын
1 км2 жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу ж-а чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак – Тибет автономия району, 1 км2
жерге 2,3 адам туура келет).
Шаар калкынын үлүшү (2007-ж. 44,9%) айыл калкынын шаарга миграциясынын ж-а шаарлардын чегинин кеңейишинин (о. эле айылкыштактарга шаар статусун берүүнүн) эсебинен туруктуу өсүүдө. 2020-ж. шаар калкынын үлүшү 57%ке жетээри божомолдонууда. К-да 656 шаар, 20 миңге жакын шаарча бар (2007). Шаар калкынын 1/ нен ашыгы борборго баш ийген шаар-
калкы дүйнөнүн калкынын 1/
бөлүгүн түзөт.
ларда, Түн.-Чыгыш Кытайдын ж-а айрым
К-дын калкынын санынын тез темп м-н
өсүшүнө байланыштуу (1953-ж. 594,4 млн; 1964-ж. 694,6 млн; 1982-ж. 1008,2 млн; 1990-ж.
1133,7 млн; 2000-ж. 1265,8 млн) өлкөдө төрөлүүнү
чектөө б-ча ырааттуу демогр. саясат жүргүзүүгө туура келет. 1980-жылдардан бир балалуу үйбүлөнү колдоо максатында төмөнкү комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда: ай сайын жөлөк пул төлөө, квартираны кезексиз алуу, баланы бала б акчада акысыз тарби ял оо, ЖОЖго кирүүгө, жумушка орноштурууда артыкчылыктарды берүү ж. б. Экинчи бала төрөлгөндө жогорудагы жеңилдиктер бүт алынып, ал үй-бүлөгө айып пул салынат. К-дын көп региондорунда кары курактагылардын көбөйө баштагандыгына байланыштуу 2007-ж. айрым үй-бүлөлөргө 2 балалуу болууга уруксат берилген. 1987-жылдан төрөлүүнүн саны кыскара баштаган (2007-ж. 1000 адамга 12,1 бала), өлүм-житим дээрлик туруктуу (2007-ж. 6,9). Калктын табигый өсүү темпи кыйла басаңдап, 2007-ж. 5,3тү түзгөн, бул көрсөткүч дүйнөлүк орт. деңгээлден 2 эсе төмөн.
Өлкөнүн демогр. саясатынын стратегиялык максаты – 2040-ж. калктын санынын өсүшүн нөлгө
жеткирүү (кытай демографтарынын эсеби б-ча К-дын калкынын саны 21-к-дын орто ченинде
1,5–1,6 млрдга жетет). Расмий маалыматтар
б-ча сырткы миграция сальдосу терс мааниде (1000 адамга – 0,39); чет өлкөлөрдө 475 миң
К. жарандары убактылуу жашап (негизинен Япония, Сингапур, Түш. Корея ж. б. Азия өлкөлөрүндө контракт м-н иштейт), 134 миң студент окуйт. Жашыруун эмиграциянын масштабы да зор.
К-да 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–59 жаш) 67,8%ти, 60
жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам
өмүрүнүн орт. узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 137 адам. Калк өлкөнүн
чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы д-нын өрөөндөрүнө ж-а дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы
жээк провинцияларынын шаарларында жашайт. К-дын эң ири шаарлары (2009; шаар айланасы м-н, миң адам): Шанхай (17 783), Пекин (12 230), Сянган (Гонконг; 9102), Чунцин
(7707), Шэньян (Мукден; 6580), Тяньцзинь
(6389), Гуанчжоу (Кантон; 5711), Сиань (5132),
Ханчжоу (4917), Харбин (4885), Шаньтоу (4747),
Ухань (4696), Чэнду (4636), Нанкин (4313), Цзинань (3405), Чанчунь (3052), Шицзячжуан (3022),
Тайюань (2787), Таншань (2756), Цзыбо (2736),
Далянь (2709), Куньмин (2459), Циндао (2452),
Гуйян (2420), Аньшань (2295), Чанша (2267),
Уси (2226), Чжэнчжоу (2216), Наньчан (2188),
Гирин (Цзилинь; 1956), Синьян (1904), Ланьчжоу (1865), Даньдун (1711), Чжаньцзян (1635),
Сюйчжоу (1611), Үрүмчү (1601) ж. б.
Т а й в а н д ы н калкынын санынын өсүү темпи бара-бара басаңдоодо (1952-ж. 8,1 млн; 1980-ж. 17,8 млн; 1990-ж. 20,4 млн; 2000-ж. 22,3
млн; 2008-ж. 23,1 млн). 21-к-дын башында калктын өсүү темпи 0,24%ке чейин төмөндөгөн (2008).
Калкынын демогр. негизги өзгөчөлүгү – төрөлүүнүн төмөндүгү (2008-ж. 1000 адамдан 9,0 бала төрөлгөн). Өлүм-житимдин аздыгы – мурда калктын табигый өсүү темпи, о. эле жашоо шартынын сапатынын жогору болгондугун айгинелейт. Тайвандын калкынын курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,3%ти, эмгекке
жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар)
72,2%ти, 65тен өткөндөр 10,5%ти түзөт. Орто эсеп м-н 100 аялга 102 эркек туура келет. Калкынын жашынын орт. узактыгы 77,8 жыл (эркектердики 74,9, аялдардыкы 80,9 жыл). Сырткы миграциясы анча көп эмес; миграция сальдосу оң мааниде – 1000 адамга 0,04. Тайванга
жумуш издеп келгендердин саны көбөйүүдө. Тайвань – калк жыш отурукташкан провинция;
калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 637,9 адам туура келет. Урбанизация ж-а субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 90%тей. Негизги шаар агломерациялары (2008;
миң адам): Тайбэй (калкы 8325,2 – Тайвандын
калкынын 36%тен ашыгы), Гаосюн (2686,5), Тайчжун (2224,5), Тайнань (831,4).
К-дын калкынын басымдуу бөлүгүнө синкретизм религиясы мүнөздүү: конфуцийчилик, даосизм, буддизм. Ислам динин К-да 20 млндой адам тутат; миңден ашык мечит бар.
Тарыхы
. К. аймагын адамдар байыркы таш
доорунда эле мекендеген. К. тарыхында алгач Ся династиясы (2205–1767), кийин Инь (азыркы Хенань, Хэбэй ж-а Шаньдун провинциялары) династиясы (1766–1112 же 1600–1027) пайда болгон. Б. з. ч. 11-к-да Инь мамлекетин анын батышында жашаган чжоу уруусу караткан.
Чжоу доорунда өндүргүч күчтөр өсүп, адистешкен кол өнөрчүлүк пайда болуп, шаарлар курулуп, мад-т өнүккөн. Б. з. ч. 7–6-к-да К. аймагында бир нече падышалыктар (Ци, Янь, Цинь,
Чу, Хань, Вэй ж-а Чжао) түзүлүп, бири-бири м-н согушуп турган. 200 жылга созулган тынымсыз согуштардан кийин К-да 1-жолу борбордошкон Цинь империясы (б. з. ч. 221–207) негизделген. Анын негиздөөчүсү ж-а 1-императору Цинь Шихуандинин убагында түндүктөгү көчмөндөрдөн коргонуу үчүн Улуу Кытай дубалы

курула баштаган. Өлкө борбордоштурулуп, майда падышалыктар жоюлуп, башкаруу системасы өзгөргөн. Өлкө 36 обл-ка бөлүнүп, башкаруу аппараты түзүлүп, императордун бийлиги бекемделген, жаңы мыйзамдар, чен бирдиктер, жазуу ж-а акча киргизилип, билим берүү системасы мамлекеттин карамагына өткөн. Б. з. ч.
3-к. – б. з. 3-к-да бийликке Хань империясы
келген. Борб. бийлик күч алып, Чаньань, Лоян, Ханьдань, Линьцзы, Чэнду ж. б. ш. соода-кол
өнөрчүлүк борборлоруна айланып, чек аралар
кеңейип, Улуу Жибек жолу ачылган. Хань империясы Борб. Азия элдери ж-а өлкөлөрү (Фергана, Согд, Бактирия, Парфия) м-н мамилелешип, көптөн бери тынчын алып келген хунну ж. б. урууларга сокку урган. У-динин тушунда
(154–108) конфуцийчилик К-дын мамл. идеологиясына айланган. Хань мезгилинде байыркы кытай эли калыптанып, өздөрүн ханьдар деп атаган. Б. з. 184-ж. узак убакытка созулган
Чжан Цзяо жетектеген дыйкандардын «сары
байламчандар» көтөрүлүшүнөн Хань империясы кулап, үч падышалык (Вэй, Шу ж-а У) түзүлгөн. Бул мезгилде феодалдык доор башталган. 316-ж. К-дын түндүгүн көчмөн уруулар басып алган. 4-к-дын ортосу – 5-к-дын башында
Түн. К-да кытайлык эмес элдердин 19 мамлекети пайда болгон. 589-ж. кытай эли Суй империясына кайра бириккен. Император Вэнь-ди (Ян Цзянь) аскер күчүнө таянып, борб. бийликти чыңдоого багытталган реформаны ишке ашырган. Суй империясы Түн. Кореядагы Когурё мамлекетине, вьетнам мамлекети – Вансуанга, түрк ж-а тугухундарга каршы баскынчы согуштарын жүргүзгөн. Өлкөдөгү чексиз бийлик ж-а оор салыктар элдик толкундоолорго алып келип, Суй империясы кулаган. 618-ж. анын ордуна Тан империясы бийликке келген. К. адм. аймактарга (район, округ, уезд) бөлүнүп, мад-ты (китеп басып чыгаруу ойлоп табылып,
өткөн доордун 8 расмий династиялык тарыхы түзүлгөн ж. б. ) өскөн. Империя түрлүү багытта баскынчы согуштарын күчөтүп, 668-ж. Кореяга (Когурё) кол салып, 7-к-дын ортосунда Чыгыш ж-а Батыш түрк кагандыктарын талкалаган, бирок алардын андан ары батышты көздөй жылышын арабдар токтоткон. 751-ж. Талас д-нын боюндагы арабдар м-н болгон салгылашууда кытайлар жеңилип калган. Кыргыздар 7-к-дан Тан империясынын ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик-саясий союздашы болгон. 632-ж. Тан императору Тайцзунь кыргыз каганына Ван И-Хун башында турган мамл. расмий элчилик жөнөткөн. Бул элчиликке жооп иретинде алгачкы жолу 643-ж. кыргыздар К-га барган. К. жыл наамаларында К-га кыргыз элчилери бир нече жолу (650–83-, 706–11-, 713–55-
жылдары) каттагандыгы ж-дө маалыматтар кездешет (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери). 907-ж. Тан империясы кулап, Сун
династиясынын (960–1279) бийлигине бириккен
(түн. ж-а түн.-батыш аймактарынан башкасы). 13-к-дын 2-жарымында К-ды Чыңгыз хандын аскерлери басып ала баштаган. 1271-ж. Чыңгыз хандын небереси Хубилай бүткүл К-ды өзүнө багындырып, Юань империясынын негизин түзгөн. 1368-ж. Юань империясы бийликтен кетип, ордуна кытайлык Мин империясы келген. Мин доорунда мамл. башкаруу системасы реформаланган. Шаарлар өсүп, ө. ж., а. ч. ж-а мад-ты (К-да 1420-жылдары Живопись академиясы пайда болгон. Китеп басып чыгаруу иштери кеңейип, көп томдуу энциклопедия, атлас ж. б. түзүлгөн) өнүккөн. Мин империясы тышкы саясатты да активдүү жүргүзгөн. Вьетнамды
каратып (1407–27), Түш.-Чыгыш ж-а Түш. Азия
өлкөлөрүнө бир нече жолу экспедиция уюштуруп, түн. ж-а түн.-батыштагы көчмөндөргө каршы күрөшкөн. 16-к-дан К. аймагына европалыктар келе баштаган. 1557-ж. Португалия Аомынды (Макао) «арендалоого» укук алган. 1618-ж. эки өлкөнүн ортосунда соода ж-а дипл. байланыштарды жөнгө салуу иштери м-н Тобольск
аскер башчысы И. Петлин жетектеген биринчи орус дипл. делегациясы Пекинге келген. 17-кда К-дын түндүгүнөн чыккан көчмөн уруулардын көтөрүлүштөрү Мин империясын кулаткан. Кытай феодалдары көтөрүлүштөрдү басуу үчүн манжур феодалдарынан жардам суроого мажбур болгон. Бул К-да манжурлардын Цинь династиясынын (1644–1911) орношуна алып келген. Дыйкандар согушу ж-а манжур каратууларынан К-да экон. кризистер башталып, калктын саны кыскарган. 18-к-дын аягынан гана К-дын экономикасы калыбына келип, элдин саны 300 млнго жеткен. Империяда күчтүү армияга ж-а бюрократтык аппаратка таянган деспоттук режим түзүлгөн. Жогорку бийлик органдары ж-а армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түн. К-га бийлигин орноткон соң, Цин К-дын коңшу мамлекеттерине кол сала баштаган. Россия Цин империясы м-н болгон мамилелерин жөнгө салуу максатында 1689-ж. Аргунь д-нын оң жээгин ж-а Амур д-нын оңсол жээгинин бир бөлүгүн берген (к. Нерчин келишими). 1727-ж. Кяхта келишими Цинь империясы м-н Россиянын ортосундагы Моңголия б-ча өтүүчү чек араны тактап, 17-к-дын аягында Цинь династиясы Түн. Моңголияны (түштүгүн
1636-ж.), 1728-ж. Тибетти, 1755–57-ж. Жунгар
хандыгын, 1757–59-ж. Чыгыш Түркстанды
(Кашкар) басып алып, Синьцзян деген ат м-н Цинь империясына кошкон. Ошол учурда Чыгыш Түркстанда Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы кыймыл (5 миңден
ашык ойрот, бурут же кыргыз, илелик уйгурлардан турган кол жыйналган) башталган. Мындан чочулаган Цин империясы түндүктөгү коңшусу кыргыздар м-н расмий мамиле түзгөн (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери). 18-к-дын аягында Цин империясынын ички абалы начарлай баштаган. 19-к-дын 1-жарымында европалыктардын, айрыкча Улуу Британиянын К-га экспансиясы күчөгөн. 1840–42,
1850–60-ж. Улуу Британия ж-а Франция м-н
«апийим» согуштары болуп, К. жеңилип калган. Нанкин келишими (1842) б-ча К. Англия
үчүн 5 порт ачып, Сянган (Гонконг) а-н берген.
Португалия 1851-ж. Аомынь ж. а-н, Данцзыдао (Тайпа) а-н, 1864-ж. Цзюаодао (Колоане) а-н басып алган. 1844-ж. К. Франция ж-а АКШ м-н түзүлгөн келишимдердин негизинде жарым колониялык өлкөгө айлана баштаган. Россиякытайлык Пекин трактаты (1860) Ы. Чыгыштагы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара (Амур, Уссури д., Ханка көлү ж-а кырка тоолор аркылуу өтүп, Тумыньцзян д-на чейин жеткен) маселесин чечкен. К. калкынын социалдык-экон. абалы оордоп, манжурларга ж-а жогорку бийликтегилерге каршы дыйкандардын
Тайпын (1850–64) ж-а Няньдан (1959–68), о. эле
1862–77-ж. дунгандар м-н уйгурлардын көтөрүлүштөрү болуп, англ., фр. ж-а амер-дын колдоосу м-н басылган. 19-к-дын аягында К-да капиталисттик ө. ж. өндүрүшү пайда болуп, улуттук буржуазия м-н жумушчу табы калыптана
баштаган. 1870–80-ж. батыш державалар Цин
империясына кысым көрсөтүүнү күчөткөн. Бир катар согуштардан [Кытай-француз согушу
(1884–85), Кытай-япон согушу (1894–95] соң,
К-ды көз каранды кылуучу келишимдер таңууланган. 1897–98-ж. ири державалар Цин империясын бөлүштүрүүгө киришкен. Цин өкмөтүнүн багынуучулук саясаты өлкөдөгү прогрессчил күчтөрдү кыжырланткан. Өлкөнү сактап калуу
үчүн К-да Сунь Ятсен жетектеген рев-ялык-демокр. кыймыл пайда болуп, 1894-ж. Синчжунхой уюмун уюштуруп, радикалдуу реформаларды жүргүзүү аракеттерин жасаган. 1898-ж. Шаньдун, Чжили ж. б. провинцияларда Цин династиясын колдогон ж-а чет өлкөлөргө каршы багытталган Ихэтуань кыймылы күч алган. Чжу Хундэн, Чжан Дэчэн, Цао Футянь ж-а Ли Лайчжун жетектеген ихэтуандар маньчжурлар м-н биригип, т. ж-дорду, з-ддорду, христиан чиркөөлөрүн талкалап, европ. товарларды ж-а китептерди өрттөп, чет элдик өкүлдөргө кол салып, Пекиндеги дипломаттар кварталын курчоого алышкан. 1901-ж. Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ, Россия, Япония, Италия ж-а Австро-Венгрия өлкөлөрү Ихэтуань кыймылын басып, өз таасирин чыңдоо үчүн К-га интервенция жасашкан. Анын натыйжасында бул державалар м-н Цин империясынын ортосунда «Корутундулоо токтомуна» (1901) кол коюлуп, ал Цин империясынын жарым колониялык абалын бекемдеген. 1911-ж. октябрь –
1912-ж. мартта К-да Синьхай рев-ясы болгон. Цин династиясы тактыдан кулап (1912-ж. 12- февралда), монархия жоюлган. Бийликке аскер
чөйрөсүнүн жетекчиси Юань Шикай келип, аскердик диктатура орноткон. 1-дүйнөлүк согуш убагында (1914–18) Япония К-га экспансиясын
күчөтүп, 1915-ж. январда К-ды өзүнө көз каранды кылуу үчүн жаңы талаптарды койгон. Юань Шикайдын өкмөтү ал талаптардын көбүн орундаткан, бирок Япония өкмөтүнө каршы нааразылыктарын билдирген.
Орус революциясынын (1917) жеңиши К-га зор таасир тийгизген. К-да жумушчу кыймылы күчөп, 1921-ж. К. Коммунисттик партиясы негизделген (ККП). 1921-ж. апрелде К. Респ-нын убактылуу президенттигине Сунь Ятсен шайланган. Анын «империалисттерге» каршы биргелешип күрөшүү өтүнүчү б-ча 1923-ж. Сов. Союзунан Гуанчжоуга саясий ж-а аскер кеңешчилери (М. М. Бородин, В. К. Блюхер ж. б.) келип, Улуттук-рев-ялык армиясын (УРА) түзүүгө ж-а курал-жарак жагынан ж. б. жардам беришкен. Кытайлыктардын империалисттерге каршы
массалык күрөшү бурж.-демокр. рев-яга (1925–
27) айланган. 1925-ж. 1-июлда Гуанчжоу өкмөтү
өзүн Улуттук К. өкмөтү деп жарыялаган. 1926–
27-ж. УРА Гуанси, Гуйчжоу провинцияларына ж-а Хунань провинциясынын түш. бөлүгүнө ревялык бийлик орнотуп, Хунань, Хубэй, Цзянси, Фуцзянь провинцияларын, Шанхай, Нанкин ш-н бошоткон. Рев-ялык кыймылдын кулач жайышынан ж-а батыш мамлек еттеринин интервенциясынан чочулаган К. улуттук буржуазиясы рев-ядан баш тарта баштаган. 1927-ж. 12-апрелде УРАнын башкы командачысы Чан Кайши башында турган Гоминьдандын оң канаты Шанхай, Нанкин, Гуанчжоу, кийинчерээк Уханга контррев-ячыл (Ухандагы солчул гоминьданчылардын өкмөтүнө каршы) төңкөрүш уюштуруп, Улуттук өкмөт түзгөн. ККПны мыйзамсыз деп жарыялап, профсоюз ж-а дыйкан уюмдарын таркатып, өлкөдө «ак террор» (1927- жылдын апрелинен 1928-жылдын июль айына
чейин К-да 337 миң революционер репрессияланган) өкүм сүргөн. 1927-ж. К-да Кызыл Армия ж-а рев-ялык-демокр. бийликтин жерг. органдары – Советтер түзүлгөн. ККП Кызыл Армияга
таянып, Чан Кайшинин өкмөтүнө же гоминьдан режимине каршы куралдуу күрөш баштаган.
1927–37-ж. К-да жарандык согуш башталган.
Япония 1931-ж. 18-сентябрда К-дын түн.-чыгышын (Маньчжурияны) басып алып, Маньчжоу-го мамлекетин негиздеген. 1935-ж. япондук башкаруу топторунун Нанкин өкмөтүнө таңуулаган жашыруун макулдашуусунун негизинде Гоминьдан Түн. Кытайдагы Япониянын басып алган аймактарын тааныган. Бирок ушундай шарттарда да Чан Кайшинин өкмөтү Кызыл Армияга каршы жортуулун уланта берген.
Чан Кайшинин капитулянттык позициясы элдик толкундоолорго алып келип, Пекинде
өкмөткө ж-а япондуктарга каршы патриоттук демонстрациялар өткөрүлгөн. 1936-ж. Гоминьдан К. Кызыл армиясына каршы согуш аракеттерин токтотууга мажбур болгон. 1937-ж. Япония К-ды толугу м-н каратып алуу үчүн кайрадан кол салып, Түн., Борб. ж-а Түш. К-дын маа-

нилүү райондорун ж-а Пекин, Тяньцзинь, Шанхай, Нанкин ж. б. ш-н басып алган. 1937-ж. 23-сентябрда Гоминьдан жетекчилиги ККП м-н кызматташуусун билдирген. 1937–45-ж. япон баскынчыларына каршы К-да улуттук-боштондук согуш башталган. 1937-ж. 21-августта кол салышпоо ж-дө сов.-кытайлык келишим түзүлүп, СССР К-га 250 млн доллар заём берип (курал-жарак ж. б. сатып алууга), 3,5 миң аскер адистерин (а. и. ыктыярдуу учкучтарды) жиберген (шаарларын коргоо үчүн), о. эле Ы. Чыгышта топтолгон куралдуу күчтөр м-н япондуктардын Квантун армиясын талкалап, япондук оккупанттык режимди кулатууга көмөктөшкөн. 1945-ж. 2-сентябрда Япония өзүнүн капитуляциясы ж-дө актыга кол койгон. 1946-ж. 10-январдагы согуштук аракеттерди токтотуу ж-дө Гоминьдан м-н ККП өкүлдөрүнүн түзгөн келишимине карабастан, К-да улуттук-боштондук согуш башталган. АКШнын колдоосуна (Гоминьданга 6 млрд доллар өлчөмүндө согуштук жардам берип, К-дын саясий турмушун, финансы ж-а экономикасын көзөмөлдөгөн) таянган Гоминьдан аскерлери япондуктардан бошотулган аймактарды басып алуу аракетин жасашкан. Кытай армиясынын күчү м-н 1949-ж. К-дын бардык аймагы бошотулуп, Чан Кайши 2 млнго жакын талапташтары м-н Тайванга качып кеткен. К. элинин улуттук-боштондук согушу (1946–49) элдик-демокр. рев-янын жеңиши м-н аяктаган. 1949-ж. 1-октябрда К. Эл Респ. (КЭР) жарыяланган. КЭРди алгач СССР (1949-ж. 2-октябрь), кийинчерээк чыгыш-европ. өлкөлөр ж-а Моңгол Эл Респ. тааныган. 1950-ж. январдын башында КЭР Улуу Британия, Скандинавия мамлекеттери, Афганстан, Израиль, Швейцария ж-а Индия м-н дипл. мамилелерди түзүп, алардын жардамы м-н согушта бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирген. 1950-жылдары КЭРде ишканалар ж-а банктар мамлекеттештирилген. КЭР тышкы соодага мамл. көзөмөл киргизип, бажы органдарын колуна алган. Өлкөдө адм.- аймактык ж-а агрардык реформалар жүргүзүлүп, К. провинцияларга ж-а АОго бөлүнгөн. Помещиктик жерлер жоюлуп, 300 млндой жерсиз дыйкандар жердин ээси болгон. Өндүрүш кооперативдери киргизилип, ага дыйкан чарбалары, майда менчик ж-а кол өнөрчүлүк ишканалары бириккен. 1954-ж. Мао Цзэдун КЭРдин төрагалыгына шайланып, улутчулдук багыттагы саясат жүргүзгөн. Венгрия көтөрүлүшү (1956) ж-а Польшадагы саясий кризистен (1956) улам Кытай жетекчилиги өнүгүүнүн сов. моделинен баш тартып, СССРдин «десталинизм» саясатын сындаган. 1960-жылдары сов.-кытайлык мамилелер начарлап, кытайлык жетекчиликте улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүргөн. Мао Цзэ-дундун тобу авантюристтик «үч кызыл туу» (жаңы «генералдык багыт», «чоң секирик», «элдик коммуна») саясатын жарыялаган. «Чоң секирикти» турмушка ашыруу аракеттери К-дын эл чарбасын кризиске учуратып, экономиканы артка тартып, элди ачкачылыкка (К-да ачкачылыктан 10–14 млндон 30 млнго чейин киши өлгөн) алып келген. Маочулардын ички-тышкы авантюристтик саясаты өлкөдө, а. и. ККП-нин жооптуу кызматкерлеринин арасында зор нааразылык туудурган. Оппозицияны жок кылуу ж-а элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60- жылдардын 2-жарымында «маданий револю-

ция» уюштурган. Алар армияга ж-а саясий жактан тажрыйбасы жок жаштарга [хунбэйбиндер («кызыл күзөтчүлөр») м-н цзаофандарга («бүлүкчүлөр»)] таянып, ККП м-н КЭРдин белгилүү ишмерлерин, интеллигенция өкүлдөрүн жетекчиликтен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалашкан. Бардык жерг. парт. ж-а конституциялык мамл. органдар куугунтукка алынып, жогортон дайындалган «ревкомдор» м-н алмаштырылган. Профсоюздук, комсомолдук ж. б. коомдук уюмдар ишин токтотуп, борб. ж-а жерг. гезит-журналдар, мектеп, ЖОЖ, китепкана, музей ж-а театрлар жабылган. 1966-ж. август-сентябрь айларында 397 миңден ашык киши шаарлардан куулуп, Пекинде эле 1722 киши өлтүрүлгөн, 37 миң үй-бүлөнүн мүлкү тонолгон. Жалпысынан «Маданий революциянын» мезгилинде Кытайда 6 миңден ашык архралык эстеликтер, а. и. Пекинде 4922 тарыхый ж-а маданий эстелик талкаланып, 2, 357 млн тарыхый китептер, 185 миң сүрөт ж. б. жок кылынган. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу ж-а аларды ассимиляциялаштыруу күчөгөн. 1976-ж. 9-январда Мао Цзэдун дүйнөдөн кайткан соң, коомдук, коопсуздук уюмдар ж-а армиянын күчү м-н «солчулдардын» таасири төмөндөгөн. «Маданий революциянын» бүткөндүгү жарыяланып, партиянын жаңы уставы кабыл алынган. 1979-ж. К-да экон. реформалар жүргүзүлүп, жетекчилик звено жаш кадрлар м-н толукталган. Эл аралык соода жүргүзүү үчүн
«атайын экономикалык зоналар» ачылган.
1990-жылдары КЭРдин тышкы саясатындагы маанилүү маселе – Тайвань болгон. 1992-ж.
тынчтык жол м-н биригүү үчүн Пекин м-н Тайбэйдин ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, 1993- жылдан соода байланыштары түзүлгөн. КЭРдин эл аралык позициясынын чыңдалышы ж-а Батыш өлкөлөр м-н анын экон. ж-а саясий кызматташтыгынын тереңдеши Сянган (Гонконг) ж-а Аомындын (Макао) тагдыры ж-дө маселенин чечилишин тездеткен. 1984-жылдын 26-сентябрында аренда ж-дө брит.-кытайлык келишимдин 50 жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Улуу Британия м-н КЭРдин алдын ала билдирген макулдашууларынан соң, 1997-ж. Сянган, 1987-ж. 13-апрелде К-дын Португалия м-н түзгөн келишиминин негизинде 1999-ж. Аомынь К-га кайтарылып берилген. К. Япония (1978), Корея Респ. (1992), Индия (1993), РФ
(1994), Вьетнам (1995) ж. б. өлкөлөр м-н достук ж-а кызматташтык мамилелерди түзгөн. 1993- жылдан К. рынок чарбасына өткөн.
КЭР өкмөтү ядролук куралдарды таратпоо ж-дө келишимди (1991-ж 29-декабрда) колдоп, 1996-ж 29-июлда ядролук куралдарга сынак жүргүзүүнү токтоткондугун билдирген. КЭР «модернизация, реформа ж-а ачыктык» саясатын жүргүзүү м-н дүйнөдөгү глобалдуу экономика ж-а соода лидерине айланып, «дүйнөлүк фабрика» статусуна ээ болду. 2001-ж КЭР Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. К. түстүү металл, көмүр, цемент, кездеме, телевизор, мотоцикл, велосипед ж. б. продукция чыгаруу б-ча дүйнөдө 1- орунда, кант чыгаруу б-ча 2-орунда, автомобиль
чыгаруу б-ча 3-орунда, электр энергиясын иштетүү б-ча 4-орунда, нефть өндүрүү б-ча 5-орунда (2007). К-дын «PetroChina» нефть хим. корпораци яс ы ж-а Соода-ө . ж. банкы 2008-ж. дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирген. 1990-жылдардан КЭР кылмыштуулуктун
өсүшү ж-а коррупция м-н катар наркомания, о. эле диний кыймылдардын (Фалуньгун сектасы) таасиринин күчөшүнө каршы күрөш жүргүзөт. КЭР 1996-ж. апрелде Шанхайда, 1997-ж. апрелде Москвада РФ, Казакстан, Кырг-н ж-а Тажикстан мамлекеттери м-н мурдагы сов.-кытайлык
чек араларда куралдуу күчтөрдү кыскартуу, коопсуздук ж-а достук мамилелерди түзүү ж-дө келишимдерге кол койгон. 2001-ж. К. «Шанхай бешилтигинин» негизинде «Шанхай кызматташтык уюмун» (ШКУ) түзүү идеясын колдогон. 2003-жылдан ККП БКнын генералдык секретары Ху Цзиньтао (2003-ж. 15-мартта КЭРдин төрагасы, 2004-ж. сентябрда ККП БКнын Аскер кеңешинин төрагасы). Ш. Керимова.
Чарбасы
. К. – дүйнөдөгү эң ири ж-а өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (6991млрд доллар) б-ча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт (дүйнөлүк ИДПнин 10,8%и). Аны киши башына бөлүштүргөндө 5292

доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,777 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээлейт). ИДПнин структурасында ө. ж. м-н курулуштун үлүшү 49,2%ти, тейлөө чөйрөсү 39,1%ти, а. ч. 11,7%ти түзөт.
К-дын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору – ө н ө р ж а й ы. Ө. ж. продукциясынын наркынын 86,7%ин иштеп чыгуучу, 6,1%ин тоо-кен, 7,2%ин электр-энергетика, жылуулук, газ ж-а суу м-н камсыз кылуучу тармактары түзөт (2006). Иштеп чыгуучу ө. ж-нын маанилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия (нефть-химия, химия-фармацевтика), кара ж-а түстүү металлургия, жеңил ж-а тамак-аш. Негизги ө. ж. тармактарында маанилүү орунду көп профилдүү мамл. ири корпорациялар түзөт.
Керектелген энергиянын 70,2%и көмүргө (күрөң ж-а таш көмүр), 20,6%и нефтиге, 3,0%и табигый газга, 5,5%и гидроэнергияга, 0,7%и атом энергиясына туура келет. 2007-ж. 186,7 млн т нефть өндүрүлгөн. Нефтинин 2/ си өлкөнүн түн.-чыгыш ж-а түн.-батыш бөлүктөрүндө, 15%тейи Сары деңиздин Бохай булуңундагы, о. эле Түш. Кытай деңизиндеги шельфттерден
өндүрүлөт. Синьцзян-Уйгур автономия районундагы Кара-Май кенинде эзелтен эле нефть (2007-ж. 12 млн т ) өндүрүлгөн. Ө. ж-нын тез
өнүгүп жаткан тармагы – нефтини кайра иштетүү ө. ж.; нефть ылгоочу з-дорунун кубаттуулугу 7029 миң баррель. суткасына; 2006-ж.
195 млн т нефть продукциялары, 2007-ж. 69,3 млрд м3 күйүүчү табигый газ өндүрүлгөн; газ өндүрүлүүчү негизги региондор: Синьцзян- Уйгур автономия р-ну (Тарим нефть-газ бассейни ж. б.), Сычуань, Шэньси провинциялары ж. б.; табигый газ, о. эле Түш. Кытай деңизинин шельфинен да өндүрүлөт. К. көмүр казып алуунун көлөмү (2007-ж. 2536 млн т; дүйнөлүк казып алынган көмүрдүн 40%ке жакыны) б-ча дүйнөдө 1-орунду ээлейт. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү жер астынан казылып алынат. Көмүр кенинин көбү өлкөнүн түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында жайгашкан. Атом ө. ж. ургаалдуу өнүгүүдө. Өндүрүлгөн уран рудасы (2006-ж. 840 т)
өлкөнүн атом энергиясына болгон муктаждыгынын 1/ ин камсыз кылат (уран концентратын Казакстан, Канада, Россия, Намибия ж. б.
өлкөлөрдөн алат). Төрт АЭСте 11 атомдук реактор иштейт (2008). Электр энергетикасынын
үлүшүнө ө. ж. продукциясынын наркынын 6,8%и туура келет. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 700 миң МВтдан
ашык (2007). 2007-ж. 3256 млрд кВт.с электр
энергиясы өндүрүлгөн (АКШдан кийнки 2-орунда); анын 83%и ЖЭСке, 14%и ГЭСке, 2%и АЭС-ке, 0,1%и шамал курулмаларына, 0,9%и энергиянын башка булактарына таандык. Дүйнөдөгү эң ири ГЭС – «Санься» («Үч капчыгай»)
Янцзы д-нда курулган (2009). ГЭСтин 26 энергия блогунун жалпы аныкталган кубаттуулугу 18,2 миң МВт. ГЭСтин суу сактагычын (уз. 660 км, орт. жазылыгы 1,1 км) курууда 27,8 миң гадан ашкан жер суу астында калган, 1,5 млндой адам башка жакка көчүрүлгөн. Башка ири ГЭСтери: «Лунтань» (4,9 миң МВт), «Эртань» (3,3 МВт), «Гэчжоуба» (2,7 МВт) ж. б. Хуанхэ д-нда 18 гидротүйүн иштейт; ошол эле дарыяда 7 плотина курулууда (2009). К. чакан ГЭСтердин жалпы саны (аныкталган жалпы кубаттуулугу 40 миң МВтдан ашкан 40 миң чакан ГЭС) б-ча дүйнөдө алдынкы орунда; алар негизинен айыл калкын электр энергиясы м-н камсыз кылат. К-дын 6 энергия системасы (Чыгыш, Түн., Түн.-Чыгыш, Борб., Түн.-Батыш, Түш. К.) бириктирилген. Электр өткөргүч линиясынын (чыңалуусу 220 КВ ж-а андан ашкан) жалпы уз. 291,4 миң кмден ашуун (2007).
Кара металлургия өлкөнүн ө. ж-нын негизги тармактарынын бири; анын продукциясынын
негизги түрлөрүнүн өлчөмү б-ча К. – дүйнөдөгү
эң алдынкы өлкө. Ишканалары негизинен жерг. сырьёлорду ж-а отунду пайдаланат. Темир (292 млн т; казып алуучу негизги райондору: Хэбэй, Ляонин, Сычуань, Шаньдунь провинциялары, Ички Моңголия; Аньшань темир кенташ бассейни ж. б.), марганец (11 млн т; дүйнөдө алдынкы орунда), хромит (ички керектөөнүн 12–15%ин
гана канааттандырат), ванадий (дүйнөдө 2-орунда; Сычуань провинциясы ж. б.) казылып алынат. 2007-ж. 328 млн т кокс өндүрүлгөн (дүйнөлүк өндүрүштүн 60%и). Чоюн (2007; 469,5 млн т), болот (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ инен ашыгы), болот прокаты (468,4 млн т ; 2006) өндүрүлөт.
Өлкөнүн чыгышы кара металлургиянын эң ири
борбору; эң ири металлургия комбинаттары Шанхай, Баошань, Мааньшань, Хуайнань, Нанкин ж. б. шаарларда жайгашкан. Кара метал-
лургиянын 2-борбору – өлкөнүн түн.-батышы (1450-жылдары К-дын кара металлургияга болгон муктаждыгынын 60%тен ашыгын камсыз
кылган); түндүгүндөгү эң ири борбору – Пекин. Түстүү металлургия – К-дын дүйнөлүк рыноктогу абалын аныктаган негизги ө. ж. тармактарынын бири. Түстүү металлургиянын маанилүү
тармагы – алюминий ө. ж.; анын негизги сырьё-
су – боксит (2006-ж 20 млн т өндүрүлгөн; дүйнөдө Австралия, Бразилиядан кийинки 3-орун-

ду ээлейт; 12%и); глинозём (19,5 млн т; дүйнөлүк өндүрүштүн 20%и, Австралиядан кийинки 2-орунда), жез (873 миң т дай), полиметалл кенташтарынан коргошун концентраты (1330 миң т), цинк (2840 миң т ; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ нен ашыгы), күмүш (2,7 миң т ; дүйнөдө 3-орунда), калай (149 миң т; дүйнөлүк өндүрүштүн 40%тейи), вольфрам (72 миң т кенташ; дүйнөдө
өндүрүлгөн вольфрам кенташынын 80%и), молибден (41 миң т; дүйнөлүктүн 23%и), никель (82,1 миң т;), кобальт, титан, сурьма (153 миң т; дүйнөлүк экспортун 80%и), висмут (дүйнөлүк
өндүрүштүн 50%тейи ), сымап (75%тейи), сейрек жер элементтери (2007-ж. 120,8 миң т; экспорко 49 миң т; негизинен Ички Моңголияда)
өндүрүлөт.
Машина куруунун негизги тармактары – электрондук ө. ж., оор ж-а транспорттук машина куруу. К. машина куруунун татаал технол. продукцияларын (компьютер ж-а ага манитор, принтер ж. б., коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрү, прибор ж.б.) экспорттоо көлөмү б-ча дүйнөдө 1-орунда. Оор машина куруу ө. ж. – энергетикалык машина курууну
ж-а электр-тех. ө. ж-н, тоо-кен, металлургия ж-а нефть-химия, нефть өндүрүүчү, нефтини кайра иштетүүчү ж. б. ө. ж. тармактары үчүн жабдууларды, жол куруу машиналарын чыгарат. Метталл иштетүүчү станокторду чыгаруу
(2007). Бул тармактын ишканалары – ГЭС, ЖЭС ж-а АЭС үчүн энергия блокторун, ЖЭС үчүн буу казан, газ турбинасын, шамал энергиясы курулмасын, өзгөрүлмөлүү ж-а туруктуу ток кыймылдаткычтарын, трансформатор, жогорку вольттуу электр приборлорун, атом энергетикасы үчүн жабдууларды ж. б. чыгарат.
21-к-дын башында тиричилик электр-приборлорун: муздаткыч, кир жуугуч машина, кондиционер, электр чаң соргучу, микротолкун мешин чыгаруу б-ча К. дүйнөдө алдынкы орунга
чыкты (дүйнөлүк рыноктун 1/ нен ашыгы).
К. – электрондук приборлорду, коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрүн көп чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; персоналдык ж-а кол компьютерлер (ноутбук), плазма ж-а суюк кристаллдык телевизор, түстүү телевизор, DVD, плеер, уюлдук телефон (дүйнөдө чыгарылгандын 40%тейи), интегралдык микросхема, микропроцессор, санарип сүрөт ж-а көрмөкамера ж. б. чыгарат.
Транспорттук машина куруунун негизги тармагы – автомобиль ө. ж.; ал автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, о. эле анын тетиктерин, агрегаттарын чыгарат. Автомобиль
чыгаруу б-ча (2007-ж. 8887 миң; анын 4798 миңи
жеңил машина) АКШ Япониядан кийинки 3- орунда. Автомобиль ж-а мототехниканын негизги бөлүгү өлкөнүн ички рыногуна (8,8 миң) сатылат (АКШдан кийинки 2-орунда). Экспорт-

тун өлчөмү (2007-ж. 600 миң) тез көбөйүүдө. Автомобиль ө. ж-нын өнүгүүсү чет элдик компаниялар м-н биргелешкен ишканаларга байла- (2006-ж. 573 миң станок) дүйнөдө Япония, Герныштуу автомобилдердин 2/ бөлүгүнө жакыны маниядан кийин 3-, ички рынокто сатуу б-ча 1-орунда турат. Энергетикалык машина куруу ж-а электр-тех. ө. ж. – маанилүү тармактардан; өндүрүлгөн электр-энергетикалык жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 129,9 миң МВт (негизинен чет өлкөлүк моделдер) биргелешкен ишканалардан чыгат. Жылына 25,5 млн мотоцикл ж-а ску терлерди даярдап (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ ине жакыны), 8,2 млну экспортко чыгарылат.
Авиаракета-космостук ө. ж. – ургаалдуу өнүгүп жаткан жогорку технол. тармак. Авиация ө. ж. аскердик ж-а жарандык продукцияларды (самолёт, вертолёт, ракета, истребитель ж. б.) чыгарат. К. космостук ракеталарды учуруу б-ча дүйнөдө АКШ, Россиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Т. ж. транспортун (электровоз, тепловоз, жүргүнчү ж-а жүк ташуучу вагон, метрополитен вагону ж. б.) чыгаруу өнүккөн, ага болгон өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кылат. Кеме куруу – өлкөнүн экономикасындагы эң маанилүү ж-а тез өнүгүп жаткан тармак. Ку-

рулган деңиз кемелеринин тоннажынын көлөмү (2007-ж. 18,93 млн т дедвейт) б-ча дүйнөдө Корей Респ., Япониядан кийинки 3-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 23%и); заказ алынган кемелердин саны (2975 кеме) б-ча дүйнөдө 1- орунга чыкты (2008). Үч миңге жакын кеме куруучу ж-а ремонттоочу ишкана иштейт. А. ч.
машиналарын куруу ишканалары – төрт дөңгөлөктүү мини-трактор (2007-ж. 2 миңден ашык), дөңгөлөктүү ж-а каз таман (200 миңден ашык) трактор, өзү жүрүүчү комбайн, насос, дары чачуучу курулма, газон чөбүн чабуучу мотоблок,
төмөнкү кубаттуулуктагы дизель кыймылдаткычын ж. б. чыгарат.
Химия ө. ж. продукциясынын дүң баасы б-ча
машина куруу ж-а металлургия ө. ж-нан гана кийин турат. К. барит (4,2 млн т), флюовит (2,7 млн т ), сал туз (45 млн т ), фосфорит (32 млн т )
өндүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда; химикаттарды пайдалануу б-ча АКШ, Япония сыяктуу эле дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт.
К. – массалык хим. продукцияларды чыгаруу
б-ча дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; аларга күкүрт к-тасы, кальцийлешкен сода, каустика соодасы, о. эле синтезделген аммиак, минералдык жер
семирткич кирет. Нефть-химия ө. ж. – этилен,
поливинихлорид, метанол, бензол, пластмасса, синтездик чайыр, синтездик каучук (АКШдан кийинки 2-орунда) ж-а накта каучук, автомобиль ж-а трактор шиналарын чыгарат. Дүйнөдө
өндүрүлгөн хим. буланын 1/3 и К-га таандык, ал
өлкөнүн текстиль ө. ж-нын маанилүү сырьёсу болуп саналат; анда синтездик була (полиэфир, полиамид, полиакрил ж. б.) чыгаруу басымдуулук кылат.
Фармацевтика ө. ж. – салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери, хим. дары каражаттары, негизинен женерик чыгаруу өнүккөн. Антибиотиктерди, витаминдин көп түрлөрүн, ооруну басаңдатуучу каражаттарды ж. б. чыгаруучу түрдүү дары сырьёлорун даярдоочу ж-а экспорттоочу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө. Биофар мацев тика дары-дармек терин чыгаруу
өнүгүүдө. Фармацевтика ө. ж. продукциясынын экспорттук баасы 3,8 млрд доллар.
Жеңил ө. ж. (кездеме, даяр кийим, бут кийим, териден, мехтен ж-а тыбыттан жасалган буюмдар кошо) К-дын ө. ж. дүң продукциясынын 8%ин өндүрөт. Текстиль ж-а тигүү ө. ж. продукциясынын үлүшү экспорттук нарктын 13%ин түзөт. Салттуу ж-а эң өнүккөн тармагы – текстиль ө. ж., ал ийрилген жип, пахта,
жибек, жүн, жут, кендир, кенеп, рами, хим. булардан токулган кездеме ж. б. өндүрүштөрдү камтыйт. К. текстилди өндүрүү б-ча дүйнөлүк лидер (2007-ж. 66 млрд м кездеме чыгарган); анын үлүшүнө дүйнөлүк экспорттук продукциянын 1/ и туура келет. Кебез кездемеден ийрилген жип (20 млн т ) ж-а токулган кездеме (23,6 млрд м) ата мекендик ж-а импорттук (Индия, АКШ ж-а Өзбекстандан алынып келинген) пахтадан даярдалат. Накта жибек кездеме чыгаруу К-да эзелтен өнүккөн. Тигүү ө. ж. дөйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн калкын арзан кийим-кече м-н камсыз кылат. Булгаары-бут кийим ө. ж. ашатылган тери, булгаары кийим, бут кийим,
сумка, кол кап ж. б. чыгарат. К. – бут кийимди көп чыгарган (2006-ж. 10 млрд жуп бут кийим) ж-а экспорттогон (7,7 млрд жуп) өлкө. Экспорттун товардык структурасында пластика ж-а резина бут кийимдер (4,4 млрд жуп), о. эле үстүн текстиль каптаган бут кийимдер басымдуу. Мехтен жасалган буюмдарды чыгаруу ж-а экспорттоо б-ча (дүйнөлүк экспорттун 1/ ине жакыны) дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн катарында (суу суусарынын териси ж-а андан тон тигүү, түлкү ж-а жанат сымал иттин териси ж. б.). К. о. эле оюнчуктарды, карапа буюмдарын (фарфор, фаянс) чыгаруу ж-а экспорттоо б-ча дүйнөгө белгилүү.
Тамак-аш ө. ж. (даяр азык-түлүк товарлары, суусундуктар, тамеки кошо) ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган; негизги тармактары: ун тартуу, күрүч актоо, май, кант ж. б. өндүрүштөрү. К. тамеки продукцияларын чыгаруу ж-а пайдалануу б-ча дүйнөдө алдынкы орунда: кытай сигареталары адатта сапаты б-ча анча жогору эмес.
А й ы л ч а р б а с ы. К. – агр. продукцияны
өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкө; азык-түлүк ж-а
а. ч. сырьёлорун экспорттоо тез өсүп жаткан бирден бир өлкө. Азык-түлүк проблемасы негизинен 1980-жылдардын ортосунан чечилген, бирок ички рыноктогу азык-түлүккө болгон сурам м-н сунуштардын ортосундагы тең салмактуулук дагы да болсо сакталууда. Тармактын
өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маанилүү проблемалардын бири – айдоо жердин жетишсиздиги.
К-да дүйнө жүзүнүн калкынын 22%и жашаса, ал эми айдоо жердин 10%и эле жайгашкан. Айдоо аянты 121,8 млн га (Сянган, Аомынь
өзгөчө адм.-айм. райондорун, о. эле. Тайвань а-н кошпогондо). Айдоо жердин 55%тен ашык аянты кургак, 26%и суу каптачу, 19%тен ашыгы сугат жер. Эгин аянтынын (153,6 млн га) айдоо жердин жалпы аянтынан ашып кетет, анткени
өлкөнүн айрым райондорунда жылына бир нече жолу түшүм алат.
А. ч-нда 348,7 млн адам иштейт (2006) же
өлкөдөгү жалпы иштегендердин 39,5%и; өлкөдө 200,2 млн үй-бүлөлүк (дыйкан) чарбасы ж-а андан ири чарбалык бирдиктер (кооперация, компаниялар ж. б.) бар. А. ч-н модернизациялоо б-ча мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө (а. и. финансылык жардам да бар). 2006-жылдан а. ч. салыгы төлөнбөйт. Дан эгиндерин өстүргөн дыйкандар жогорку сапаттагы урук, техника, жер семирткич алууга дотация алат. А. ч-н өнүктүрүү б-ча мамл. айрым программалар, о. эле айыл экономикасын модернизациялоо б-ча 6 чакан долбоор ишке ашырылууда, алар: а. ч. жерлерин үнөмдүү сугаруу; элди ж-а малды ичүүгө жарамдуу таза суу м-н камсыз кылуу; айыл жолдорун куруу; саз газын (метанды) тиричиликте пайдалануу; чакан айыл ГЭСтерин куруу; жайыттарды малга ыңгайлаштыруу. Айдоо жердин 26,6% аянты электрлештирилип сугарылат; жерди үнөмдүү сугаруу б-ча жаңы технологияны кеңири пайдалануу, түштүктөгү дарыялардын бир бөлүгүн өлкөнүн түн. аймактарына жеткирүү долбоорлору каралууда. К. дан эгиндин дүң жыйымы (2007-ж. 501,5 млн т ; киши башына бөлүштүргөндө 384 кгдан туура келет) б-ча дүйнөдө 1-орунда турат; дан эгиндеринин орт. түшүмдүүлүгү бир гадан 53 цден ашык. А. ч. өлкөнүн азык-түлүккө ж-а жемге болгон ички муктаждыгын негизинен (күрүчкө 99,6%, буудайга 99,3%, жүгөрүгө 100%) канааттандыра алат.
К-дын негизги азыгы – күрүч. Дүйнөдөгү шалы
аянтынын 1/ и К-га таандык; жогорку сапаттуу элита сортунун аянты кеңейүүдө. Күрүч жыйноо б-ча (185,5 млн т ; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ ) дүйнөдө 1-орунда. Күрүчтүн 65%ке жакыны Янцзы д-нын алабынан, 17%и К-дын түш. бөлүгүнөн, 12%и өлкөнүн шалы өстүргөн түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүнөн (Хуанхэ, Ляохэ д-нын алаптарынын), 6%и Түш.-Батыш К-дан жыйналат. Экинчи маанилүү азык-түлүк өсүмдүгү – буудай (анын аянты 23 млн га); түшүмү

б-ча дүйнөдө 1-орунда (104,5 млн т ). Маанилүү азык-түлүк ж-а тоют өсүмдүгү – жүгөрү (түшүмү 145,5 млн т ; АКШдан кийинки 2-орунда). О. эле гаолян, таруу, чумиза, арпа, кара күрүч, картөшкө (дүң жыйымы б-ча дүйнөдө 1-орунда), буурчак (негизинен АКШ, Бразилия, Аргентинага чыгарат) ж. б. Май алынчу өсүмдүктөрдөн – жер жаңгак (дүйнөдө 1-орунда), рапс,
кунжут, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Кант алынчу өсүмдүктөр (бал камыш, кант кызылча)
өстүрүлүүчү аянт 1,8 млн га (2006). Жашылча ж-а мөмө-жемиши (алма, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм, шабдаалы, банан, манго, ананас ж. б.), о. эле гүл өстүрүү өнүккөн. Чай өстүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда; 2007-ж. 1170 миң т чай жалбыр агы жыйнал ган (дүйнөлүк жыйым дын 80%ке жакыны). Пахта жыйноо б-ча АКШ, Индиядан кийинки 3-орунду ээлейт (2007-ж. 7,6 млн т ). К. пахтага болгон ички муктаждыгын камсыз кыла албайт.
К. – мал чарбасынын негизги түрлөрүн (эт,
сүт, жумуртка, бал, жибек буласы ж. б.) даярдоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө; негизинен ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар – тоют базасын жакшыртуу, малды сугаруучу таза суу м-н камсыз кылуу ж. б. 2007-ж. К-да 139,6 млн чочко, 197,3 млн эчки, 172,0 млн кой, 7,2 млн жылкы ж-а качыр, 270 миң төө болгон. О. эле бардык жеринде үй куштары (тоок, өрдөк, цесарка, күрп ж. б.) асыралат. Калктын тамак-ашында балык ж-а деңиз продуктулары (моллюска, краб ж. б.) кеңири пайдаланылат.
К-дын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири – т е й л ө ө ч ө й р ө с ү. Ага дүң
ж-а чекене соода, транспортту, байланышты ж-а кампа чарбасын тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, финансы жактан тейлөө, далдалчылык, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, о. эле билим берүү, саламаттык сактоо, адм. тейлөө, туристтерди тейлөө ж. б. кирет. К. улуттук банкы (алтын валютасынын
резерви б-ча К. борб. банкы – дүйнөдө 1-орунда), саясий банктар (б. а. өнүгүү, А. ч. өнүктүрүү, Экспорт-импорт, Соода, ө. ж., Курулуш, о. эле
көптөгөн коммерциялык ж-а кредиттик банктар, ж. б. камсыздандырууну тейлөөчү компаниялар, фонд биржалары (Шанхай, Шэньчженде), туристтерди тейлөөчү рынок ж. б. иштейт.
Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны
б-ча (2006-ж. 22,2 млн турист) К. дүйнөдө 4-орунду (Франция, Испания, АКШдан кийин) ээлейт. Ички туристтердин саны 2006-ж. 1394 млнго
жеткен (көбү – айыл жеринен келгендер), алардан түшкөн киреше 623,0 млрд юанды түзөт. Туризмдин негизги түрлөрү: маданий-таанып билүү (негизги борборлору: Пекин, Сиань, Шанхай, Гуанчжоу, Сянган, Ханчжоу), «кызыл» (элдик көтөрүлүшкө, революциялык окуяларга, ККПнин жетекчилеринин өмүр баянына ж-а ишмердигине байланыштуу жерлерге баруу); диний ж-а зыяратчылык; экол.; дарылоо-ден соолукту чыңдоо; этногр.; оюн-зоок; шопинг-турларга катышуу. 18,5 миң туристтик агентчилик иштейт.
Т р а н с п о р т тармагы аймактар б-ча бирдей жайгашкан эмес; негизги транспорт коридорлору (меридиан ж-а кеңдик багытта кесилишкен магистралдары) өлкөнүн чыгышындагы ж-а т үш.-ч ыгышындагы эк он. жакт ан
өздөштүрүлгөн аймактарды камтыйт; ага негизги жол тоом тармактары ж-а негизги транспорт агымдары туташтырылган. Автомобиль, авиация ж-а куур транспорттору өнүккөн. Т. ж-нун жалпы уз. 72,1 миң км (2006; анын 24,4 миң кми электрлештирилген). Т. ж. тармагынын меридиан б-ча кеткен негизги 6, кеңдик б-ча созулган 5 мегистралы бар; о. эле жээк аралдарын кургактык м-н туташтыруучу паромдук катнаштар да арбын. Автомобиль жолунун жалпы уз. 3573 миң км (2007; жогорку ылдамдыктагы автомагистралдардыкы 53,6 миң км; эң жыш автомобиль жолдору өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө). Суу транспорту өнүккөн. К-дын деңиздик коммерциялык флоту 1822 кемени (а. и.
жүк, нефть, контейнер, автомобиль, жүргүнчү ташуучу кемелери, танкерлер, круиздик лайнерлер ж. б.) камтыйт. Универсалдык (жүк ж-а жүргүнчү ташуучу) ири порттору: Шанхай (дүйнөдөгү ири деңиз порту ж-а К-дагы жүк ташуучу негизги порт), Нинбо, Сянган, Тяньцзинь
(Пекиндин аванпорту), Циндзо, Дальянь, Циньхуандао ж. б. Ички суу жолунун жалпы уз. 123,4

миң км. Янцзы д-нын алабында кеме каттоочу каналдар көп, анда 1400дөн ашык дарыя порту бар. К-да 467 аэропорт бар (анын 147си жарандык; 2008). Эл аралык ири аэропорттору: Пекин-Шоуду, Сянган (Гонконг), Гуанчжоу, Шанхай-Пудун, Шанхай-Хунцяо, Шэньчжень ж. б. Магистралдык нефть куурларынын жалпы уз. 15256 км. Магистралдык газ куурлары да бар. Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Гуанчжоу, Ухань, Сянган ж. б. шаарларында метрополитен иштейт. Экспортко чыгарган негизги продукциялары: машина куруу (а. и. электроника – компьютер, телекоммуникация жабдуулары ж-а приборлору, телевизор, уюлдук телефон ж. б.) ж-а электртехника (электр-тиричилик приборлору ж. б.) ө. ж-нын продукциялары, транспорт каражаттары (деңиз кемеси, автомобиль), жол куруу машиналары, даяр кийимдер, текстиль буюмдары, кара ж-а түстүү металлдар ж. б. Экспорттук соода шериктери: АКШ, Япония, Корей Респ., Германия. Негизги импорттук товарлары: машина куруу продукциялары (машина, жабдуулар ж-а приборлор, а. и. аларды комплекттөөчү тетиктер, агрегаттар, о. эле эсептөөчү техника каражаттары, оптика приборлору, мед. жабдуулар ж. б.), нефть ж-а күйүүчү-майлоочу материалдар, пластмасса ж. б. орг. химия продукциялары, кара металл продуктулары, жез ж. б. Импорттук соода шериктери: Япония, Корей Респ., АКШ, Германия.
Тайвань
экономикасы өнүккөн региондорго
кирет. Региондук дүң продукциясынын (РДП)

көлөмү 757,2 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 33 миң доллардан туура келет. РДПнин өсүү темпи 1,7% (2008). РДПнин структурасындагы тейлөө чөйрөсүнүн
үлүшү 71,1%, ө. ж. м-н курулуштуку 27,4%, айыл, токой чабаларыныкы ж-а токой промыселдериники 1,5%. Иштеп чыгуучу ө. ж. алдынкы орунда (ө. ж. продукциясынын дүң наркынын 94,8%и); негизги тармактары: машина куруу, химия, металлургия. Жогорку технологиядагы тармактар өтө тез өнүгүүдө, ага ө. ж. продукциясынын наркынын 60%ке жакыны туура келет, о. эле оптика-электрондук ж-а микромиң га, түшүмү 1,41 млн т (2007); экспортко
чыгарат. Андан сырткары бал камыш, чай, мөмө-жемиш, жашылча, гүл өстүрүп, продукцияларын экспорттойт. Мал чарба продукциясы (негизинен чочко ж-а куш эти, жумуртка) ички муктаждыкты канааттандыра албагандыктан, аны негизинен импорттоп алат. А. ч.
өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы технологияны колдонуу, фермерлерди колдоо, жаштарды айыл жерине тартуу (элет туризмин өнүктүрүү) б-ча ж. б. ишчараларды жүргүзүүдө. Кармалган балыктын ж-а деңиз продукцияларынын 1/ и экспортко
биология продукциялары да кирет. Көмүртектүү
суутек энергетикалык ресурстарына болгон муктаждыктын 98%и сырттан алынып келинет. Континенттик шельфтен суткасына 10,6 миң баррель нефть өндүрүлөт, ал эми ички керектөөгө суткасына 950,5 миң баррель жумшалат. Керектелчү нефтинин негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн алат. 2007-ж. континенттик шельфтен 400 млн м3 табигый газ өндүрүп алган. 62 млн т көмүр сырттан, негизинен Австралиядан, К-дын башка региондорунан, о. эле Индонезиядан алат. Электр-станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 45,1 миң МВт (2006). Өндүрүлгөн электр-энергиясынын (235,3
млрд кВт.с) 78,2%и ЖЭСке, 18,1%и АЭСке, 3,7%и ГЭСке таандык; 3 АЭС иштейт. Кара металлургиясы сырттан алынып келинген коксталуучу көмүр ж-а темир рудалары м-н иштейт. Болот, жез, алюминий, коргошун, цинк өндүрөт.
Машина куруунун негизги тармагы – электроника ө. ж. Жабдуу, а. и. микросхеманын бүт түрүн, о. эле компьютердик, оптика-электрондук ж-а телекоммуникациялык жабдууларды, ноутбук (дүйнөлүк рыноктун 1/ ине жакыны), мобилдик телефон ж. б. чыгарат. Электр-техника ө. ж-нын эң негизги продукциялары –
тиричилик электр-приборлору (а. и. муздаткыч, кир жуугуч машина). 2007-ж. 283 миң автомобиль (анын 96%и жеңил автомобиль) чыгарган. Алар негизинен чет өлкөлүк фирмалар м-н бирдикте же алардын линцензиясы м-н чет элдик ав томоби ль м ар каларын (м ис ., «Ni ss an»,
«Buick», «Hyundai», «Toyota» ж. б.) чыгарат. О. эле мотоцикл, скутер, автомобиль ж-а мотоциклге тетиктерди, велосипед ж. б. экспорттойт.
Химия ө. ж-нын башкы тармагы – нефть-химия; пластика, этилен, синтездик була, дары дармек, биотехнол. продукцияларды чыгарат. Жеңил ө. ж-нын текстиль тармагы өнүккөн. Текстилди К-дын башка региондоруна, о. эле АКШ, Вьетнам ж. б. өлкөлөргө сатат.
Тайвандын жеринин 1/ и а. ч-нда пайдаланууга жарактуу. Күрдүү топурагы, жетиштүү нымы анда түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ыңгайлуу
шарт түзөт. Дан эгиндеринин эң негизгиси –
күрүч (шалы). Шалы эгилген жердин аянты 256
кетет.
Тейлөө наркынын структурасында чекене ж-а дүң соода 26,2%, адм. тейлөө 14,4%, финансылык тейлөө ж-а камсыздандыруу 14,1%, кыймылсыз мүлк операциясы 11,4%, транспорт ж-а кампа чарбасы 8,4%, саламаттыкты сактоо ж-а социалдык камсыздандыруу 4,2%, ил.- тех. тейлөө 3,8%, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу 3,0%, билим берүү 2,5%, калган тейлөөлөр 12,0%ти түзөт. Жерг. коммерциялык 39 банк (3313 филиалы м-н), 32 кытай ж-а
чет элдик банк (бөлүмдөрү м-н), кредиттик кооперативдер ж. б. иштейт.
Тайванда транспорт тармагы өнүккөн. Автомобиль жолунун жалпы уз. 40,3 миң км, темир жолунуку 1438 км. Тайбэйде, Гаосюнде метрополитен иштейт. Эл аралык 7 деңиз порту бар. Деңиз соода флоту 635 кемени камтыйт, анын 11и Сянгандын, 525и Панама, Либерия, Сингапур ж. б. өлкөлөрдүн желектери м-н жүрөт. 18 аэропорту бар; анын экөө эл аралык мааниде.
Экспортко негизинен электрондук ө. ж. продукцияларынын, автомобиль тетиктерин ж-а запастык бөлүктөрүн, тиричилик-электр приборлорун, химикат, пластика, дары-дармек, текстиль продукциясын чыгарып, сырттан негизинен электрондук приборлордун тетиктерин, машина ж-а жабдууларды, нефть, органикалык химия продуктуларын, металл алат. Негизги соода шериктери: Япония, К-дын башка региондору (Сянган, Аомынь кошо), Түш.-Чыгыш
өлкөлөрү (Тайланд, Малайзия, Индонезия, Филиппин, Сингапур, Вьетнам), АКШ, Европа кызматташтыгына кирген өлкөлөр, Корей Республикасы. Ө. Бараталиев.
Билим берүүсү
. Элдик рев-я жеңгенге чейин калктын 90% сабатсыз болгон. 1949-ж. баштап билим берүү системасы кайра түзүлгөн. 1956-ж. «маданий революция» учурунда билим берүү кризиске учураган. 1966–68-ж. бардык окуу жайлары иштебей калган. Окутуу 1968–69-окуу жылында гана кайра башталган. 1970-жылдары билим берүүнүн жаңы системасы түзүлө баштаган. Мектептер ачылып, ЖОЖдору калыбына келтириле баштаган. Мурдагы 12 жылдыктын ордуна, жалпы билим берүүчү 9 жылдык мектеп киргизилген. 7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган. Башталгыч мектепке 7 жаштан кабыл алынат. К-дын ЖОЖдору Пекин, Цинхуа, Фудань, Ухань, Нанкай, Нанкин ж. б. ш-нда жайгашкан. Учурда акысыз милдеттүү билим берүү каралган. Билим берүү б-ча 1986-жылдагы мыйзамы 2006-ж. кайрадан каралып жаңыланган. Жалпы билим берүү системасы мектепке чейинки, базалык, толук эмес ж-а толук орто билим берүү болуп бөлүнөт. Кесиптик билим берүү үч баскычтуу – башталгыч, орто атайын адистик ж-а жогорку. ЖОЖдо бакалавриат (4 жыл), аспирантура, магистратура (2–3 жыл), докторантура (3 жыл) о. эле адистешкен 2–3 жылдык ЖОЖдор иштейт. КЭРде 2 миңден ашык ЖОЖ бар. К-да академиялардын, ун-ттердин, элдик ж-а адистешкен китепканалар иштейт. Улуттук китепканалары: (1810, фонду 18 млн нуска, базасында 1999-ж. Улуттук электрондук китепкана түзүлгөн), Нанкиндеги (1907), Шанхайдагы (1952), Пекиндеги КЭР ИАнын борб. китепканасы ж. б. К-да 2300дөн ашык музей, а. и. Улуттук музейлери: Пекиндеги Гугун ак сарай комплекси (1420, 1914-жылдан музей), Шанхай байыркы иск-во, Улуттук музей, Көркөм-сүрөт галереясы, Геология музейи ж. б. иштейт.
Массалык-маалымат каражаттары
. Жаңы стилдеги газета-журналдар 19-к-дын башында чыгарыла баштаган. К-да 2 миңден ашуун аталыштагы мезгилдүү басылмалар 35 млрд нуска м-н чыгат (2008). Жалпы элдик гезиттер: «Жэнминь жибао», «Гунжэнь жибао», «Цзефанцзюнь бао», «Чжунго циннянь бао», билим берүү, илим маселелерин: «Гуанмин жибао» гезити чагылдырат. Региондук ири гезиттери: «Сицзан жибао», «Синьцзян жибао», «Нанфань жибао», «Гуанси жибао». Негизги журналдары: «Цюши», «Женминь хуабао» ж. б. Радиоуктуруу 1927- жылдан иштейт. 1200гө жакын радиостанция бар (2008). К. эл аралык радиосу (1941) уктурууларды 38 тилде алып барат. Телекөрсөтүү 1958- жылдан жүргүзүлөт. 450дөн ашык телестудия (2008), Синьхуа (1931), Чжунго (1952) маалымат агенттиктери бар. 42 мамл., 90 менчик телерадио станциялары иштейт.
Адабияты
. Кытай тилиндеги ад-т – дүйнөдөгү
байыркы ад-ттардын бири. Башаты диний жөрөлгөлөргө байланышкан, болжолу б. з. ч.
6–5-миң жылдыкта неолит доорунун ырымжырымдарында музыка ж-а бий өнөрү м-н кошо поэтикалык ыр чыг-лыгы пайда болгон. Кытай тилиндеги алгачкы жазуулар төлгө
сөөктөрүндөгү тексттер (б. з. ч. 14–11-к.), кийин коло эпиграфикасы (б. з. ч. 10–8-к.), алгачкы жазуу эстеликтери – Чжоу доорундагы
конфуцийчилик ж-а даостук канондук чыгармалар болуп саналат. Бул мезгилде пайда болгон «вэнь» (жазуулар, жазуу) ж-а «ши» терминдери б. з. 1-к-на чейин ар кандай жазуу ж-а поэтикалык тексттерди түшүргөн. Кийин конфуцийчиликте жазуу сабаттуулук м-н мад-ттуулук сыяктуу эле мамлекеттин баштапкы негизи катары каралган; жазуу тексти агартуу, билим, тарбия берүү, насаат айтуу сыяктуу коомдук маанилүү иштерди аткарууга багытталган. Конфуцийчиликте поэзия өзгөчө мааниге ээ болгон. «Ыр китеби» антологиясы («Ши цзин»,
б. з. ч. 11–7-к.), К. тарыхындагы биринчи адабий-поэтикалык эстелик. «Беш канон» («У цзин») жыйнагынын конфуцийлик канондук китептердин бири болуп саналат ж-а түзүүчүсү Конфуций деп эсептелет. «Ши цзин» байыркы кытай поэтикалык чыг-лыгынын жанрдык ж-а тематикалык көп түрдүүлүгүн көрсөтүп турат. Анда көлөмү алты саптан 50чө, ж-а андан көп саптуу поэмаларга чейинки ар кандай жанрлардагы 305 чыгарма топтолгон. Байыркы К.
ад-тынын башка эстелигинде – «Чу ырларында» К. түштүгүнүн поэтикалык салттары (кытайдын биринчи акыны катары эсептелген Цюй Юандын, о. эле С у н Юя ндын чыг-л ыгы) көрсөтүлгөн. Чу поэзиясына жерг. диндик-мифол. сюжеттер м-н образдарды пайдалануу мүнөздүү.
Батыш Хань ж-а Чыгыш Хань мезгилинде бекемделген. Автордук поэзияда башкы орунду
фу одалары – ыр ж-а кара сөз кезмектешкен
көлөмдүү чыгармалар (бир нече жүз сапка чейинки) ээлейт. Хань доорунун белгилүү акындары: Мэй Шэн, Цзя И, Сыма Сянжу, Ян Сюн,
Чжан Хэн. Хань доорунун лирикалык мурасы о. эле элдик лирика ж-а сатира ырлары – юэфуда сакталган. К. баяндама прозасынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат. Б. з. ч. 4–3-к. (мис.,
«Көктүн уулу Мунун өмүр баяны» ж. б.), о. эле түздөн-түз Хань дооруна («Учуп жүргөн чабалакей Чжаонун расмий эмес өмүр баяны» ж. б.) таандык деп эсептелет.
Б. з. ч. 6–3-к-нда К. поэзиясында негизги ролду
ши ж-а юэфу сыяктуу лирикалык жанрлар ойной б аштайт . Ч ыгыш Х андын к ый ра шы,
өлкөнүн майдаланышы кытай коомунун руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет: инсандык баалуулуктар, адамдын ички эркиндикке болгон укугу алдынкы орунга чыгат. Сүйүү лирикасы өзгөчө гүлдөгөн, сарай турмушун, аял сулуулугун ж-а сүйүү ырахатын даңктаган («Нефрит мунарасынын жаңы ыргактары» жыйнагы) «сарайлык стиль поэзиясы» (гун ти ши, 6- к-дын 1-жарымы) пайда болгон. Бул мезгилдин ири акындары: Цао Чжи, Цзи Кан, Жуань Цзи (3-к.), Тао Юаньмин, Се Линъюнь, Бао
Чжао, Юй Синь (6-к.).
3–6-к-да сюжеттик проза – сяошо калыптанган. Адеп «сяошо» карапайым калк ичиндеги ушак-айың сөздөрдү түшүндүргөн. Б. з. ч. 2–1-
к-да эле бири да сакталып калбаган сяошо жыйнактары түзүлгөн. Сяошо аңгемелерин турмуштан тыш нерселерге кызыгуу, кереметтерге ишеним айырмалап турат (Гань Бао, «Арбактарды издөө жөнүндөгү жазуулар» жыйнагы, 4-к.). Будда темасындагы жыйнактар (Ван Ян,
«Башка дүйнөдөн кабарлар», 5-к.) жыйнактар, тарыхый каармандар жөнүндөгү уламыштар м-н анекдоттор (Лю Ицин, «Мурунку жаңы имиштер», 5-к-дын 1-жарымы) жыйнактары өзгөчөлөнүп турат.
-к-дын 2-жарымындагы К. коомундагы кризис ад-тка мазмундун курчтугу ж-а окурман үчүн жетимдүүлүк сыяктуу жаңы талаптарды койгон. «Айыпты ачуучу роман» (Лю Э, Ли Баоцзя, У Вояо, Цзен Пу) өнүгөт. К. интеллигенциясынын чет өлкөлөрдө болгон өкүлдөрү чет
өлкөлөр ад-тынын тажрыйбасына кайрылышкан. 19-к-дын акырында акын ж-а дипломат Хуан Цзуньсянь поэзиянын тилин ж-а формасын жаңылоого чакырган.
-к-дын башында ад-тчы Лян Цичао прозага жеңилдетилген «жаңы стиль» киргизген. Чет
өлкөлүк чыгармалардын котормолорунун саны
өскөн. Ошентсе да ад-ттагы чыныгы жаңылануу 1917-ж. «Жаңы жаштар» журналында Ху Шинин ад-ттын тили оозеки сөз, ал эми көркөмдүктүн критерийи чыныгы сүрөттөө болуш керек деген «Адабиятты реформалоо туурасындагы ойлор» аттуу макаласынын жарыяланышы м-н башталат. Жаңы ад-ттын алгачкы үлгүлөрү Лу Синдин «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аңгемеси, Ху Шинин «Жашоодогу башкы иш» (1919) комедиялык пьесасы м-н «Тажрыйбалар» (1920) ыр жыйнагы болгон. «Төртүнчү май» кыймылынан (1919) кийинки улуттук аң-сезимдин
өсүшү оозеки тилдеги 400дөй гезит-журналдардын пайда болушуна алып келди. Башкы орунду проза ээлеп, негизги жанр катары аңгеме (Бин Син, Е Шаоцзюн, Ван Тунчжао, Ян Чженьшендин чыг-лыгы) эсептелген. Поэзияда (Бин Синь, Кан Байцин, Шэнь Иньмо ж. б.) уйкаштыктан баш тартышып, верлибр м-н жазуу көп тараган. Драмада К. драматургиясынын салттарынан четтеп, батыш театрынын (Дин Силин, Хун Шэн, Тянь Хандын пьесалары) негиздерин
өздөштүрө башташкан. 1921-ж. Пекинде түзүлгөн ад-тты окуп-үйрөнүү коомунун мүчөлөрү (Чжоу Цзожень, Шэнь Яньбин, Е Шаоцзюнь, Сюй Дишань, Ван Тунчжао ж. б.) сын реализмине умтулушкан. Ошол эле мезгилде Токиодо К. студенттери уюштурган «Чыгармачылык» коомунун катышуучулары (Го Можо, Юй Дафу, Чэн Фанъу, Чжан Цзыпин, Тянь Хань ж. б.) европ. романтизмдин ж-а модернизмдин нугунда жазышкан.
1927–37-ж. адегенде «Күн» (1927–30) коому,
ал эми 1930-ж. баштап сол жазуучулардын Лигасы м-н сунушталган марксисттик багыттагы
ад-т башкы орунду ээлеп турган. Аны Лу Синь жетектеген. Цзян Гуанцы, Мао Дунь, Дин Лин,
Чжан Тяньи, Ся Янь, Е Цзы ж. б. иск-вого болгон марксисттик көз караштарды кабылдап, орус ж-а совет ад-тынын тажрыйбасын өздөштүргөн. Бир эле мезгилде бийлик тарабынан колдоого алынган улутчул ад-т да өнүккөн (Ван Пинлин, Хуан Чженся, Шао Сюньмейдин поэзиясы, Ли Цзаньхуа, Вань Гоандын прозасы). Саясаттан ж-а тема тандоодо эркин болууга либерал-жазуучулар (1920-жылдардын акырында
«Жаңырган ай» коомунун мүчөлөрү: Сюй Чжимо, Лян Шицю, Ху Ши, Вэнь Идо ж. б.; 1930- жылдары Пекин тобу: Шэнь Цунвень, Чжу Гуанцянь, Ли Цзяньу; шанхайлык жазуучу-модернисттер: Е Линфэн, Ши Чжэцунь, Лю Наоу, Му Шинь) чакырган. Ушул мезгилде Ба Цзин, Лао Шэ, Мао Дундун романдары, Цзан Кэцзя м-н Ай Циндин эпикалык поэмалары, Цао Юй м-н Ся Яндын көп актылуу пьесалары жарык көргөн.
1937–45-ж-дагы ад-т үгүттүк багыт, оптимисттик ж-а каармандык рух м-н өзгөчөлөнгөн жомоктор, частушкалар, ырлар, театр оюндары колдонулган. Даректүү проза жанры өнүгүп, поэзияда декламациялык, дубал бетине жазылган ырлар сыяктуу жанрлар пайда болгон. 1940- жылдардын башында, Гоминьдандын көзөмөлүндөгү райондордун ад-тында коррупция, чиновниктердин моралдык жактан ириши, атайын кызматтардын террору ж-а улуттук кызыкчылыктарды сатуу сыяктуу темалар (Мао Дундун, Лао Шэнин, Ша Тиндин романдары, Го Можонун, Дин Силиндин пьесалары) алдыга чыккан; негизги орунду саясий сатира жанры ээлеген. Лу Лин, Ло Биньцзи, Яо Сюэин, У Минши, Хуан Гулинин прозасы, Юань Шуйпо, Цзоу Дифан, Ша Оунун поэзиясы, У Цзугуан, Юань Цзюн, Сун Чжидинин драматургиясы көрүнүктүү эмгектерден болуп калат. «Бошотулган райондордун» ад-ты 1942-ж. Мао Цзедунь белгилеген ад-т жумушчу-дыйкандардын ж-а аскерлердин кызыкчылыктарына кызмат кылып, өздөрүнө тааныш көркөм формаларды колдонушу керек деген талаптарга баш иет. Элдик ж-а жаңы адабияттын салттарын бириктирип, кыштактагы
өзгөрүүлөр жөнүндө жазган Чжао Шули м-н
Чжоу Либонун чыг-лыгын буга мисал. Сунь Линин, Лю Байюйдун, Цю Дунпиндин, Ма Фэндин, Кун Цзюэнин ж-а Юань Цзиндин прозасында армиянын проблемасы негизги орунга
чыккан. Поэзияда Ай Циндин, Тянь Цзяндын,
Кэ Чжунпиндин, Хэ Цифандын, Жуань Чжанцзиндин, Ли Цзинин таланттары ачылат. Хэ Цзинчжи м-н Дин И сол иск-вонун эң белгилүү
чыгармаларынан болгон «Ак чач кыз» (1945) музыкалык драмасынын текстин жазышкан.
Жарандык согуш мезгилинде (1946–49) «бошотулган райондордо» Чжоу Либонун, Дин Линдин, Цао Миндин чыг-лыгы өзгөчөлөнгөн. Гоминьдандын көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган жазуучулар барган сайын бийликке болгон катуу сын айта баштаган (Шэнь Цунвен, Ван Тунчжао, Ба Цзин, Дин Силин).
КЭР (1949) түзүлгөндөн кийин айрым адабиятчылар (Лао Шэ, Ба Цзинь, Цао Юй) чыг-лык эркиндиктен ыктыярдуу баш тартышып, ад-ттагы партиялуулук принцибин кабыл алышат; айрымдары (Шэнь Цунвэнь, ЦяньЧжуншу) жазбай калышат. Совет ад-ты К. ад-тына зор таасир тийгизген. 1950-жылдары темалар м-н сюжеттер негизинен үч маселе: социалисттик өзгөртүүлөрдү даңктоо (Чжао Шулинин, Ма Фэндин, Ли Чжундун, Цао Миндин, Чжоу Либонун, Лэй Цзянын прозасы, Ли Цзи м-н Жуань
Чжанцзинин ж.б.), К. Коммунистик партиясынын рев-лык тарыхын даңазалоо (Лю Байюнун, Сунь Линин, Ду Пэнчэндин, Чэнь Дэнкэнин, Кун Цзюэнин ж-а Юань Цзиндин романдары, Кэ Чжунпиндин ж.б. поэзиясы), амер. агрессияга каршы корей элине жардамга барган К. аскерлеринин эрдиктерин баяндоо (Вэй Вэйдин, Лу Линдин, Лао Шэнин прозасы, Тянь Цзяндын поэзиясы ж. б.) м-н чектелген. Өзгөчө орунду К. ж-а совет элдеринин достук темасы (Го Можо, Ай Цин, Цзан Кэцзя, Цзоу Дифан ж. б-дын поэзиясы) ээлеген. 1950-жылдардын акырында ад-тты саясатка багындыруу биротоло ишке ашкан, соц. реализмдин ордуна «революциялык реализм м-н революциялык романтизмдин бириккен» методу келген.
1966–76-ж. «маданий революция» мезгилинде профессионал жазуучулардын дээрлик баары репрессияларга тушуккан, чыны м-н адабий турмуш токтоп калган, иск-вонун уруксат берилген жалгыз түрү болуп, Мао Цзедундун идеяларын жайылткан 10 «үлгүлүү революциялык спектаклдер» гана эсептелген. 1970-жылдардын башында репрессияга туш болгон жазуучулардын бир бөлүгү акталып, бир нече адабий журналдар чыга баштаган. Мао Цзедундун өлүмүнөн кийин (1976) адабий турмуштун кайра жаралуусуна шарттар түзүлдү. Лу Синьхуанын, Лю Синьунун, Су Шуяндын чыгармалары «маданий революция» мезгилиндеги кылмыштардын айыбын ачышты; алардын себептерин терең аңдоо Ван Мэндин, Цун Вэйсинин, Фэн Цзицайдын,
Чжан Сянъляндын чыгармаларына мүнөздүү. Адабиятка улуу муундагы жазуучулар кайрылышты (Ба Цзинь, Ай Цин ж. б.), жаштар келишти (Е Синь, Те Нин, Чжан Синьсинь ж. б.). Реформа ж-а тышкы ачыктык саясаты 1980- жылдардын башында «реформа адабияты» агымын (Цзян Цзылун, Кэ Юньлу, Чжан Цзе ж. б.)
пайда кылды, 1920–40-жылдарда К. жазуучуларынын (Шэнь Цунвен, Лао Шэ, Чжан Айлин ж. б.) чыгармаларын кайра карап чыгууну талап кылды, чет өлкөлөр м-н байланыш калыбына келди. Элдик мад-тка кайрылуу аркылуу эски салттар м-н болгон байланышты калыбына келтирүү аракеттерин жасаган «түп-тамырларды издөө адабияты» (Хань Шаогун, А Чэн, Цзян Пинва, Таши Дава ж. б.) пайда болду. Модернизмдин ж-а постмодернизмдин таасири м-н авангард ад-ты келип чыкты (прозада: Ван Шо, Юй Хуа, Гэ Фэй, Сунь Ганьлу, Лю Сола, Бэй Дао; поэзияда: Гу Чэн, Цан Сюэ, Шу Тин поэзияда; драматургияда: Ша Есинь, Гао Синцзянь, Лю Шуган драматургияда).
1990-жылдардын башында ад-ттын саясаттан
арылуу процесси уланды. Неореализм (Чи Ли, Фан Фан, Янь Лянькэ), аялдардын психол. прозасы (Ван Аньи, Чэнь Жань, Сюй Кунь, Вэй Хуэй) өнүгө баштады. Цю Хуадун, Чжу Вэнь, Дяо Доу сыяктуу жазуучулар мурдагы салттарга туура келбеген «жекече жазуу» принциптерин колдоно башташты. Эротикалык, авантюралык ж-а детективдик жанрлар тарала баштады. Драматург ж-а прозаик Гао Синцзянь (1980-жылдардын аягынан Францияда жашайт). 2000-ж. КЭРде ад-т б-ча Нобель сыйлыгынын биринчи лауреаты болуп калды. Басё, Ли Бо, Ду Пэн-Чэнь ж. б. акын-жазуучуларынын чыгармалары кыргыз тилине которулган.
Э. Кылычев.
Архитектура жана сүрөт искусствосу
. Неолит доорунан ушул күнгө чейин Кытай искусствосу тынымсыз өнүгүп келген. 5 миң жыл ичинде көркөм салттын эволюциясынын туруктуулугун этностук жана түзүмдүк биримдик камсыз кылган. Кытай искусствосунун тарыхын династиялык мезгилдерге бөлүп карашат. Кытай искусствосунун өнүгүүсүнүн ар бир этабында жетишкен техникалык жеткилеңдиги, көркөм чагылдыруунун толуктугу, эстетикалык ой толгоолордун жетилгендиги болуу катуу тарыхый формациялардын алмашуусунда кризистердин салакасынан сактап калган. XX кылымдагы археологиялык изилдөөлөрдө табылган карапа жана нефрит буюмдары Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын бассейндеринде биздин заманга чейинки X кылымдын аягында неолит маданиятынын болгондугун тастыктайт. Чжоу доорунда искусство өнүгө баштаган. Каллиграфия өзүнчө искусство катары эң жогорку баскычка жеткен. Археологиялык табылгалар монументалдык жана жибекке тартылган живопись өнүккөндүгүн айгинелейт.

Архитектурада жыгач курулуштар басымдуулук кылган: павильондор жана көп кабаттуу мунаралар курулган. Биздин заманга чейинки IX–VIII кылымдарда курулушта черепица, кыш колдонула баштаган. Коло менен иштөөдө мом калыпка куюу, гравирлөө, асыл таштар жана асыл баалуу металл менен инкрустациялоо өздөштүрүлгөн. Ырым-жырым буюмдарынын түрлөрү кеңейген (музыкалык аспаптар, нао, чжун коңгуроолору, гу барабаны, күзгү, тыйын, курал-жарак жана башкалар). Цин жана Хан доорунда 2–3 кабат үйлөр, көп ярустуу мунаралар салынган. Улуу кытай дубалынын көп бөлүгү (биздин заманга чейинки 221–207-жылдар) курулган. Коло күзгүлөр,

лак жана нефриттен буюмдарды жасоо өркүндөгөн. Жибек кездеменин ар кандай түрлөрү колдонула баштаган (бир өңчөйү, креп, газ, полихром). Индиядан буддизмдин келиши менен (IV–VI кылымдар) Кытай архитектурасында, живописте, айкелчиликте монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын салынышын шарттаган (Юнгань, Майцзишань).

VII–III кылымдарда (Тан жана Сун доору) маданияттын бардык тармагы гүлдөгөн. Тан доорунда шаарлар кеңейип, монументалдуу имараттар пландуу курула баштаган. Мин (1368–1644) жана Цин (1644–1911) доорлорунда архитектура менен жасалга-колдонмо искусствосу (Пекиндеги Юнхегун храмы жана башкалар), эң жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул доордо гектарлаган императорлук парктар (Пекиндеги парк комплекси, Ихэюань шаар жанындагы парк жана башкалар), көп чоң эмес, шаар четиндеги бакчалар, храмдык парктар (Чжо чжэнъюань жана Сучжоудагы Лююань, Сиюань жана Шицзылинь паркы, Уси шаарындагы Юньтайюань паркы жана башкалар) пайда болгон. Таш дөңчөлөр менен агынды көлмөлөрдүн, идишке өстүрүлгөн гүлдөрдүн жайгашуусу (ички жана тышкы дубалдар, павильондор, беседкалар, галереялар, кеңейтилген аянттар жана жолчолор) Кытай бакчаларынын кенен архитектуралык формаларын айгинелейт. Фарфор өндүрүшүнүн борбору Цзиндэчжэнде (Цзянси провинциясы) жаңы формадагы буюмдар, алтын менен кооздолгон феньцин техникасы пайда болгон. XIX–XXI кылымдардын башында архитектурада, шаар курулушунда, парктарды долбоорлоодо байыркы салттарды колдонушкан. Театр имараттарынын комплекси Дэхэюань (1882) жана Пекиндеги Ихэюань император паркынын ансамбли (1888) XIX кылымдын 2-жарымында белгилүү курулуштардан болгон.


Жаңы технологияны жана материалдарды (чоюн, цемент, бетон) колдонуу менен XIX–XX кылымдарда Пекинде европалык стилде: Бейтан кафедралдык собору (Сишику, 1887–1889), Шанхайда Касиеттүү үчилтик собору, Шанхай клубунун имараттары курулган. Батыш архитектурасынын жетишкендиктерин өздөштүрүшкөн жана чет мамлекеттик архитекторлор (Г. К. Мерфи, Л. Э. Худек) менен жаш кытай адистери (Лу Яньчжи, Ян Тинбао) иштешкен. 1912-жылы император бийлиги кулагандан кийин өнөр жайынын өнүгүшү менен шаарлар өсө баштаган. Шанхайда ири курулуштар темир-бетон конструкцияларын колдонуп, чикаго мектебинин духунда, ар деко жана тарыхый стилдеги имараттар салынган. Орус-Азия банкы (1901, архитектор Х. Беккер), Шанхай-Гонконг банкы (1923) Кытайдагы биринчи темир-бетон жана чоюн каркас конструкциялары колдонулган. 1949-жылы Кытай Эл Республикасынын түзүлүшү менен курулуштарда Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) архитектурасынын тажрыйбасын эске алышкан. 1950–1959-жылдары кичирайондор, жасалга элементтерин азыркы архитектура менен айкалыштырган имараттар курулган: мисалы, «Пекин», «Достук» мейманканасы, Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык чогулушунун имараты (архитектор Чжао Дунжи), Кытай революциясынын музейи жана Кытай тарыхынын музейи (архитектор Чжан Бо). Кытай Эл Республикасында 1966-жылы «Маданий революциянын» башталышы менен курулуш токтогон. Экономиканы либералдаштыруу тууралуу өкмөттүн чечими (1978) архитектуранын өнүгүшүнүн жаңы этабынын башталышы болгон. Кытай архитекторлору постмодернизм (Пекиндеги Цинхуа университетинин китепканасы, 1991, архитектор Гуань Чжаое; Шанхай музейи, 1992–1996, архитектор Син Тунхэ) жана неомодернизм (Нанкиндеги жапон баскынчыларына курман болгондорго мемориал, 1985, архитектор Ци Кан;Пекинге жакын «Улуу Кытай дубалы коммунасы»,

2002, архитекторлор Ян Хочан, Гари Чан, К. Кума, С. Бан жана башкалар) стилиндеги долбоорлошкон. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада ири курулуш иштерин активдештирген (Олимпиадалык стадион, 2002–2008; «Цифралык Пекин» маалымат борбору, 2005–2008, архитекторлор Чжу Пэй жана У Тун).

Орто кылымда көркөм сүрөт искусствосу жакшы өнүгүп, анын туундуларында гумандуулук идеясы чагылдырылган (У. Дао-цзы, Янь Ли-бэнь). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө «гүл чымчык» (Бянь Луань, Сюй Си, Хуан Цюань), «окумуштуулар живописи» (Су Ши, Вень Тун, Ми Фэй) жанрларында иштегендер кыйла салым кошушкан. Мин жана Цин доорлорунда кездемеге сүрөт тартуу – «кэ-сы» жогору өнүккөн. XX кылымдын биринчи жарымында көптөгөн каллиграфия мектептери кеңири багытта иштешкен. У Чанши, Кан Ювэй, Ли Жуйцин, Лян Цичао жана башкалар. Каллиграфтар белгилүү Кытай живописи үчүн салт болуп калган «гохуа» багытында көптөгөн чеберлер өсүп чыгышкан: Пань Тяньшоу, У Чанши, Ци Байши жана Хуан Биньхун жана башкалар. Заманбап Кытай живописине ар түрлүү живопись мектептери жана стилдер мүнөздүү. Өзгөчө гохуа өнүгүүдө.

Музыкасы
. Кытайдын салттык музыкасы 50дөн ашык улутту бириктирет: тай (жуандар, мяояо), түрк (уйгур, казак, кыргыз) элдери, тибеттиктер, моңголдор жана башкалар Кытай музыкасынын тарыхы (биздин заманга чейинки VI–V кылымдар) Инь (Шан) доорунан башталат (Хэнань провинциясынан табылган сөөк чоор жана башкалар). Байыркы Кытайда колдонулган «юэ» «музыка» (юэ, бул сөз XII кылымдан белгилүү) түшүнүгү поэзия, бий, көркөм сүрөт деген түшүнүктөрдү туюндурган. 3000 элдик ырларды, ырым-жырым гимндерин камтыган «Шицзинь» («Ыр китеп», биздин заманга чейинки XI–VI кылымдар) – элдик ыр өнөрүнүн көөнөрбөс эстелиги. Кытайдын салттуу оркестринде 100дөй аспап болот: сэ, цин, пипа (чертме), ху, эрху, сыху, баньху (жаалуу), сяо, пайсяо, шен (үйлөмө), барабан, коңгуроо жана башкалар. Нота менен бизге жеткен туңгуч музыкалык чыгарма – Цю Мин (VI кылым) жазган «Юланьпу» пьесасы. Тан доорунда (VII–X кылымдар) 5 атайын музыкалык мектеп, актёр труппалары уюшулган. X кылымда Дуань Ань-Цзенин «Музыка жөнүндө жазуулар» деген музыкалык-теориялык трактаты жазылган. Сун доорунда актёр жана композитор Вэй Лян-Фу, Мин доорунда Чжу Цзай-юй (12 баскычтуу үн катарынын системасын өркүндөткөн) музыкалык искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон. 1919-жылы «4- майдагы» кыймылдан кийин революциячыл маанайдагы музыканттар патриоттук ырларды жаратышкан.

«Маданий революция» музыка искусствосуна зор зыян алып келген. Окуу жайлар жабылып, көп музыканттар репрессияланган айыл жерлерине айдалган. Кытай Эл Республикасынын түзүлүшү музыкалык маданияттын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. Музыкалык коллективдер түзүлүп, опера жаратууга аракет жасалган. 1980-жылдары музыка маданияты мамлекеттик реформанын негизинде батыш маданияты менен бирдикте өнүккөн. Жаңы музыкалык окуу жайлар, жогорку музыкалык окуу жайлары калыбына келтирилген. Кытайдын музыкалык жогорку окуу жайлары батыш композиторлорунун техникасынын таасиринде «жаңы толкундагы» бир катар композиторлорд у даярдашкан: Тан Дун (Америка Кошмо Штаттарында жашайт), Чэнь Циган (Францияда жашайт), Цзо Чжэньгуань (Россияда жашайт),


Е Сяоган, Хэ Сюньтянь жана башкалар. Цзин Сяндын «Талаа» (1987), Го Вэнцзиндин «Жиндинин каты» (1994) опералары; Чень Цигананын «Кызыл чырактар» (2001) балети; симфониялык жана камералык музыкалык чыгармалар жаралган. Жаңы кытай музыкасына гонконгдун жана тайвандын ырлары таасир берген. Пекинде, Шанхайда эл аралык жана улуттук музыкалык фестивалдар өтүп турат. Кытайда 10 опера театры, 25 симфониялык оркестр, 25 музыкалык жогорку окуу жайлары, консерваториялар бар (2008).
Театры
Кытай театрынын башаты – элдик ыр-бий өнөрүн, ошондой эле акробатика, кылыч чабышууну өзүнө камтыган бай си («жүз оюн») оюндары. XIV–XVII кылымдарда кытай театрынын биринчи чакан иян жана куньцуй жанрлары пайда болуп, анын негизинде XVII–XVIII кылымдарда банцзы, юэцзюй, циньцян жана башка жанрдагы жергиликтүү театрлар калыптанган. XIX кылымда жергиликтүү театрлардан кытай театрынын жаңы жанры – пекиндик музыкалык драма (цзинси) түзүлгөн.
Анда кытай салттуу театрынын негизги белгилери топтолуп, актёр оюну сөз, ыр, бий менен эриш-аркак көрсөтүлгөн. Грим менен костюмда гүл жана оюм-чийим колдонулган.

Репертуарына тарыхый мазмундагы пьесалар жана белгилүү роман-эпопеялар кирген. XX кылымдын 1960-жылдарына чейин театр улуттук искусствонун мыкты салттарын өркүндөткөн. Кытай театры 3 топко бөлүнөт: салттык, куурчак жана драмалык. Кытай салттык театры – музыканы, ырды, бийди, сахналык сүйлөөнү жана кыймылды бириктирген цирк жанрынын жана шамдагайлык техникасын өздөштүргөн театр искусствосу.

Сун доору куурчак театрынын алтын кылымы болгон. Репертуары кеңири, цзацзюй пьесалары, тарыхый пьесалар коюлган. Куурчак жасоонун чеберлери өсүп чыккан. 1898–1905-жылдары «сүйлөшүү драмасы» (хуацзюй) пайда болгондон драма театры өнүгө баштаган. 1910-жылы Ван Чжуншен жана Жень Тяньчжи Шанхайда драмалык актёрлорду даярдоочу «Гунцзян» театр мектебин ачышкан. 1920-жылы Пекинде театр окуу жайы, ошондой эле «Жаңы Кытай» театр коому түзүлгөн («Синь Чжунхуа»). Биринчи эркектер жана аялдар труппасы пайда болгон. 1930-жылы Шанхайда театр коллективдеринин солчул лигасы түзүлгөн (1931-жылдан – театр ишмерлеринин «Наньго шэ» солчул лигасы). Бир нече ишканаларда «көк блуза» труппасы түзүлүп, окуу жайларында көптөгөн ийримдер, үгүт бригадалары пайда болгон. Н. В. Гоголь («Текшерүүчү»), А. Н. Островский («Добул»), М. Горький («Түпкүрдө»), Г. Ибсен («Ийин») пьесаларын коюшкан. Ошол жылдары орус драмалары которулуп, Станиславскийдин системасы менен таанышышкан. 1950-жылдардын башында М. Горькийдин, А. П. Чеховдун ошондой эле У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары коюла баштаган. «Маданий революцияда» көп труппалар таратылып, театрлар жабылган. 1970–1990-жылдарда борборлордо драма театрлары кайрадан жанданган. Пекин элдик искусство театры, Шанхай драма искусствосу борбору, Шэньси провинциясынын элдик искусство театры, Сиань шаарынын драма театры репертуарын кеңейткен, Тайванда авангарддык труппалар бар. К. Пекин элдик көркөм театрында белгилүү театр ишмери, режиссёр жана искусство таануучу Цзяо Цзюйинь бир нече спектаклдерди койгон («Чайкана» спектакли Германия Федеративдүү Республикасы, Франция, Жапония, Канадада көрсөтүлгөн).
Киносу
. Кытайда сырттан алынып келген кино тасмалары алгач 1896-жылы Шанхайда көрсөтүлгөн. Биринчи улуттук тасма 1905-жылы Пекинде тартылган («Динцзюнь тоосу» – классикалык баталдык спектаклден көрүнүш). Көркөм тасма 1913-жылдан чыга баштаганы менен кинематография чет элдиктердин колунда болгон. Кытай фирмасы кино тартууну 1917-жылдан баштаган. 1920- жылдардан киностудияларда патриоттук сезим ойготор тасмаларды коюшкан. Юань Линь-юй, Цзинь Янь, Юань Му-чжи сыяктуу таланттуу актёрлор өсүп чыккан. «Балыкчынын ыры» тасмасы (1935, режиссёру Цай Чу-шен) эл аралык баага арзыган. Жапонияга каршы согуштун мезгилинде (1937–1945) кино өтө аз чыгарылып, 1945-жылдан кийин көбүнчө Голливуддун (Америка Кошмо Штаттары) тасмалары көрсөтүлгөн. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин (1949) жумушчулар жөнүндө туңгуч «Көпүрө» (режиссёру Ван Бинь) тасмасы тартылган. Кино ишканалары мамлекетке өткөндөн кийин «Кытай кыздары» (режиссёрлору Линь Цзы-фэн менен Чжай Цян), «Болот солдат» (режиссёру Чень Инь), «Партия кызы» (режиссёру Линь Нун), «Ак чач кыз» (режиссёрлору Ван Бинь менен Чжан Шуй-хуа) сыяктуу көркөм тасмалар чыгарылган. 1950-жылы Пекинде кинематографисттер институту түзүлгөн. «Маданий революция» учурунда (1960-жылдардын 2-жарымы), жалаң даректүү кино коюлуп, 1969-жылдан өкмөт мүдөөсүнө ылайык гана «үлгүлүү» тасмалар тартылган. 1976-жылдан кийин тыюу салынган тасмалар кайрадан коюла баштаган. 1979-жылы «Дяньин ишу» («Кино искусствосу»), «Дачжун дяньин» («Массалык кино») журналдары чыккан. Көркөм тасмалар тартыла баштаган (1981 – 105 тасма, 1984 – 144). Алардын ичинен: «Мээнеткечтин күлкүсү» (1979, режиссёру Янь Яньцзин, Ден Иминь), «Башань тоосундагы түнкү жаан» (1980, режиссёру У. Юнган, У Игун), «Дары» (1981,режиссёру Люй Шаолянь), «Баткан күндүн көчөсү» (1983, режиссёру Ван Хаовэй) жана башкалар. Тайванда психологиялык сюжеттердин жактоочусу, режиссёр Хоу Сяосянь – «Уулумдун чоң куурчагы» (1983), «Кайгыдагы шаар» (1989) жана костюм боевигинин жанрында иштеген режиссёр Ли Ань «Аңдыган жолборс, жашырынган ажыдаар» (2000, «Оскар» сыйлыгы) тасмаларын тартышкан.

Чжан Имоунун биринчи тасмасы «Кызыл гаолян» (1987) – жеке чыгармачылыгы менен белгилүү болгон жаңы муундагы кинематографисттердин эркиндигин ачык көрсөткөн. «Баатыр» (2002), «Учуучу канжарлардын үйү» (2004), «Алтын гүлдүн каргышы» (2006) Чжан Имоунун акыркы иштеринен болгон. Кытай кинематографисттеринин тасмалары дүйнөлүк деңгээлге чыккан: Ван Цюаньандын «Айдын тутулушу» (1999, Эл аралык кино фестиваль сыйлыгы, Москва) жана «Туя күйөөгө чыгат» (2007, Берлин, Эл аралык кино фестиваль башкы сыйлыгы); Цзя Чжанкэнин «Саньсяндан келген боорукер адам» (2006, прокатта «Натюрморт», Венециядагы Эл аралык кино фестиваль башкы сыйлыгы) жана башкалар. Сянган (1978-жылдан), Шанхай (1993-жылдан), Чанчунь (1995-жылдан) эл аралык кино фестивалдары өткөрүлүп турат.
Ад.: Шнеерсон Г. Музыкальная культура Китая.
М., 1952; Ащепков Е. А. Архитектура Китая. М., 1959; Физическая география Китая. Под ред. В. Т. Зайчикова. М., 1964; Алексеев В. М. Китайская народная картина, М., 1966; Лисевич И. С. Древняя китайская поэзия и народная песня. М., 1969; Семанов В. И.
Эволюция китайского романа. Конец XVIII – начало
XX в. М., 1970; Новая история Китая. М., 1972; История Китая с древнейших времён до наших дней. М., 1974; Федоренко Н. Т. Древние памятники китайской литературы. М., 1978; Торопцев С. А. Очерк истории китайского кино. М., 1979; Рифтин Б. Л. От мифа к роману. Эволюция изображения в китайской литературе. М., 1979; Китайская Народная Республика. Политика, экономика, культура. 1980–2007.
М., 1984–2008; Серова С. А. Китайский театр и традиционное китайское общество (XVI–XVII века). М., 1990; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Хаин В. Е. Тектоника континентов и океанов (год 2000). М., 2001; Алексеев
В. М. Труды по китайской литературе. М., 2002–
2003; Кравцова М. Е. История культуры Китая. 3-е изд. СПб., 2003; Серебряков Е. А., Родионов А. А., Родионова О. П. Справочник по истории литературы Китая (XII в. до н. э. – начало XXI в.). М., 2005; Кузык Б. Н., Титаренко М. Л. Китай – Россия 2050: Стратегия соразвития. М., 2006; История Китая. Под. ред. А. В. Меликсетова. 4-е изд. М., 2007; Портяков В. Я. От Цзян Цзэминя к Ху Цзиньтау: Китайская Народная Республика в начале ХXI в. М., 2006.