ИСАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАНОВ Насирдин (7. 11. 1943, Ош облусу, Ноо­кен району, Көк-Бел айылы – 29. 11. 1991, Жа­лал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары, сөөгү Бишкек­ке коюлган) – коомдук-мамлекеттик ишмер. Москва

инженердик-курулуш институтун (1965), Алматы жогорку партиялык мек­тебин (1975) бүтүргөн. Мос­ква курулуш трестинде жу­мушчу (1960–61), «Ош шаар курулуш» трестинде прораб, башкы инженер (1965–70), Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүндө инс­труктор (1970–74), «Нарын суу энергия курулуш» баш­кармасында парткомдун секретары (1974–76). Кыргызстан КП БКнын шаардык чарба ж-а курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы (1976), Кыргыз ССРи­нин мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары (1983–86), Кыргыз ССРинин курулуш министри (1986–88), Ысык-Көл облустук советинин аткаруу комитетинин төрагасы (1988–90), КРдин вице-президенти (1990–91), КРдин Премьер-ми­нистри (1991). СССР инж. академиясынын ака­демиги (1991). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1980, 1985, 1990). Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сый­ланган. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Премьер-­министри катары анын экономикасын кайра жөнгө салууда чоң салым кошкон. Бишкек шаарынын бир көчөсүнө, КМКТАУга ысмы ыйга­рылып, Эркиндик бульварына эстелиги орно­тулган.