КОЧКОР-АТА
КОЧКОР-АТА – Жалал-Абад обл-ндагы шаар.
Ноокен р-нун аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 618 м бийикте жайгашкан. Ноокен р-нунун борбору Масы кыш-нан 13 км батыш тарапта. Облустун борбору ж-а т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 56 км. Кочкор-Ата нефть ж-а газ кендерин казып алууга байланыштуу 1952-ж. курула баштаган,
алгач «Новостройка» деп аталган. 1953–2003-ж.
шаарча; 2003-жылдан шаар. Аянты 485 га. Калкы 14,8 миң (2009). Шаарда «Кыргызмунайгаз»,
«Кыргызгеофизика» (нефть-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт), «Кочкор-Ата айыл курулуш», «Керамика» (кыш ж. б. курулуш материалдарын чыгарат) АКлары иштейт. Үч орто мектеп, гимназия, тех. коллеж, кесиптик-тех. окуу жайы, китепкана, мад-т үйү, оорукана, балдар консультациясы, обл. ден соолукту калыбына келтирүүчү оорукана, сквер, спорт комплекси, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.