ИНДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́НДИЯ (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Ба­тышынан Инди океанынын Араб, түштүк-баты­шынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бен­гал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат.

Файл:ИНДИЯ1.png

Түндүк-батышынан Пакистан ж-а Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал ж-а Бутан, чыгышынан Бангладеш ж-а Мьянма өлкөлөрү м-н чектешет. Индиянын курамына Лак­кадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Анда­ман ж-а Никобар аралдары кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору – Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили – хинди ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп са­налат), борборго баш ийген 6 союздук аймак­ка ж-а Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт;

Таблицаны кара.


Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоо­чу) ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Индия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алы­нып, 1950-жылы күчүнө кирген. Башкаруу форма­сы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күч­төрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент ж-а штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын мыйзам чыгаруу органы – парламент (2 палатадан ту­рат: Штаттар совети – Раджья Сабха (250 орун) ж-а Элдик палата – Лок Сабха (545 орун). Ат­каруу бийлиги президент тарабынан дайындал­ган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.
Негизги саясий партиялары: Индия Улуттук кон­гресси (1885-жылы уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) ж. б.

Табияты. Индия Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чы­гышты карай), Гималай м-н Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы ж-а Араб де­ңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү – Мала-

Файл:ИНДИЯ2.png
Карвар шаарынын айланасындагы Араб деңиз жээги.

бар жээги, чыгыш жээгинин түштүк бөлүгү – Ко­романдель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагы­нын 3/4 бөлүгү – түздүктөр ж-а бөксө тоолор. Инд­станды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгыш­ты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт)



Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Таблица

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)


ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал баты­шында ж-а чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат ж-а Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Индстандын түштү­гүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабын­да, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жай­гашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система – Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 м­ге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрү­лөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.
Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Инди плат­формасы ээлеп, ал Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүн кам­тыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гима­лайдын бир бөлүгү (Симла, Жам­му, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттар­да), хромит (Орисса), темир (Ба­бабудан, Байладила ж. б. кен­дер), алтын (Карнатака ж. б.), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мад­хья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мад­хья-Прадеш), нефть ж-а газ (Камбей, Ассам нефть-газ бас­сейндери, Бенгал шельфи), кө­мүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар ж. б. Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүн­дө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезги­линде жаан-чачындын 70–90%и жаайт, кышы кургак ж-а салкын, марттан майдын аягына чейин кургак ж-а ысык мезгил. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө

Файл:ИНДИЯ4.png
Тар (Тхар) чөлү.


Файл:ИНДИЯ5.png
Бийик Гималай.

300–400 мм, Чыгыш Гималай тоолорунда ж-а Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна м-н кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (тө­мөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайда­ланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун ж-а Инд-Ганг түздүгүнүн таби­гый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксеро­фиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбыра­гы күбүлмө токой, түн.-батышына бадалдуу жа­рым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг м-н Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гима­лайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин тераилер (саздуу жун­гли), жогорураак муссон токою, аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа ж-а та­лаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.
Индияда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянты­нын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви ж-а Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири ж-а Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жер­лерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмеси­не Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас ре­зерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү ж-а жа­пайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду иш-

Файл:ИНДИЯ8.png
Индия пилдеринин жайыты.

ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.

Калкы. Индия – көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде ж-а диалекте сүйлөгөн 500дөй улут ж-а уруу бар. Алардын 9/10 унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирлик­тер ж. б. 1901–2001-жылдарда Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын саны­нын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жо­гору болушу (1901-жылы 1000 адамга 45,8 бала, 1951-жылы 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрө­лүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп м-н өсүү­дө. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүм­ житим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп м-н 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагын-

Файл:ИНДИЯ9.png
Мумбаи (мурдагы Бомбей) шаары.

дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендер­дин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калганда­ры христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иу­даизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Каль­кутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.

Тарыхы. Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баш­таган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан эл­дер б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2- миң жылдыктын 1-жарымында жогорку дең­гээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдык­та аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрык­ча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (б. з. ч. 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сосло­виеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерле­ри), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эр­кин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жал­чы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буд­дизм м-н жайнизм дини үстөмдүк кылган. Ал­гачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бө­лүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-аф­ган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышы­на түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише алба­ган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династия­сынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Ак­бардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Ауран­гзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Мо­гол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16- кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стра­тегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост- Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу м-н каратып алат. Индия Англия­нын соода рыногуна ж-а англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улут­тук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу ж-а коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин, Индия м-н Англиянын ортосунда ка­рама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна ж-а Пакистан болуп эки доми­нионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар м-н мусул­мандардын кагылышуусу м-н коштолуп, натый­жада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтү­рүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру И-нын премьер­министри болот. 1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп ка­лат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импортт-оого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук ж-а космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук ку­ралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космод­ромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус ­мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. Ганди шайланат.

Файл:ИНДИЯ10.png

Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачты­рууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жети­шет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өл­көлөр м-н кызматташа баштаган. 80-жылдар­дын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода­ экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багыттал­ган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компа­ниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчу­лары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Ман­мохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш ж-а Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү м-н кызматташтыгын өнүктүрүүдө.

Файл:ИНДИЯ11.png
Индия Республикасынын күнүнө карата аскер пара­ды. Дели. 26-январь. 2010-жыл.

1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызмат­таштык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жыл­дан ШКУга байкоочу катары катышат.

Чарбасы. Индия – өнөр жай, соодасы ж-а товардык­ акча мамилеси өнүккөн агр.-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзан­дыгы ж-а эмгектин жогорку маданияты м-н өзгө­чөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иш­тейт. Өлкө азык-түлүк м-н өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндү­рөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын ж-а балыкчылык­тын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш м-н кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол м-н 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкө­нүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээ­ли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына ки­рет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча ки­решеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясы­нын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактары­на туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маа­нилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, нефть-химия ж-а фармацевти­ка, кара ж-а түстүү металлургия, текстиль ж-а тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасы­нын 54%ин көмүр, 32%ин нефть ж-а нефть про­дуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энер­гиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын эко­номикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблема­лардын бири – отун-энергетикалык ресурстар­дын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырт­тан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2 ине жакы­нын канааттандырат; газ кендери Араб деңизи­нин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (не­гизинен шамал) электр станцияларына таан-

Файл:ИНДИЯ12.png
Алюминий заводу. Даманжоди шаары.

дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон мук­таждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) ж-а марганец (1750 миң т) рудала­рынын негизинде иштейт. Түстүү металлургия­нын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гу­жарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штат­тарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продук­циясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түр­дүү тармактары үчүн машиналардын ж-а жаб­дуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын не­гизги продукциялары: буу казаны, буу, газ ж-а гидравликалык турбиналар, буу ж-а дизель ге­нераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт­ электр курулмасы, шамал энергетикалык курул­масы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, ком­прессор, трасформатор ж. б. Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы – станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автомат­тык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транс­порттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль өнөр жайынын ишка­налары негизинен ички рыноктун муктаждык­тарын канааттандырууга багытталып, автомо­биль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүн­дөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторик­ша, жүк ташуучу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражатта­рын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан ки­йинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электро­воздорду ж-а пассажир ташуучу электр поездде­рин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жайы – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйым­дуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакый­мылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космо­дрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат-

Файл:ИНДИЯ13.png
Шрихарикота кос­модромунан ракета учуруу. Андхра-Пра­деш штаты.

тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук ма­шина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири де­ңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме да­ярдалат. Мамлекеттик ири верфтери – Кочин, Вишак­хапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарларында жай­гашып, аларда бүт кеме түрлөрү, анын ичинде аскер ке­мелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жаб­дылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продук­циясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигмент­тер ж-а боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер ж-а пластик буюмдар, жасалма ж-а синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пи­ротехникалык буюмдар ж. б. чыгарылат. Нефть-химия өнөр жайы пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (анын ичинде шина), лак ­боёк продукцияларын ж. б. чыгаруучу ишкана­лардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005–06-жылдарда 35 млн т) чыгарылат. Индиянын фармацевтика өнөр жай өдүрүшүнүн көлөмү (дүй­нөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибио­тиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миң­дей аталышын чыгарат. Индиянын дары-дармек­тери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуу­лугу ж-а арзандыгы м-н бааланат. Алмазга кыр чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – Индиянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик бор­борлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме ж-а даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын нар­кынын 1/5 и). Индия кебез кездеме чыгаруу (2005– 06-жылдарда 50 млрд м2) ж-а андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль ж-а тигүү өнөр жайы ИДПнин 8%ин ж-а өлкөнүн товардык экс­порт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жи­бек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вис­коза, нейлон, акрил ж. б.) пайдаланылат. Индия жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытай­дан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тарма­гы – кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча ж-а жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азык-­түлүк, чала фабрикат, таза суу өндүрүштөрү.
Индиянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо нефтини казып алуу ж-а кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын ж-а болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сек­тор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетика­сында, темир жол, авиация ж-а деңиз транспортто­рунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сек­тор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбасында, жеңил, та­мак-аш, медицина өнөр жайларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу.
ИДПде айыл чарбасынын ж-а ага байланыштуу тар­мактардын үлүшү зор (1/3 и). Айыл чарбасында өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/3 ге жакыны иштейт. Индия көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12–15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлү­гүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жо­горку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун ж-а айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун на­тыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды.
Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүм­дүктөр. Индия – байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) боюнча дүйнөдө 1- орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктар­дан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дый­канчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг

Файл:ИНДИЯ14.png
Карнатака штатындагы шалы талаасы (палдары).

түздүгүндө ж-а Годавари, Кришна, Кавери дарыяларынын дельталарында ж-а өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбасынын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/3 ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45–50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону бо­лот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы – сентябрь– ноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйна­лат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрь-­ноябрь – март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/4 инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07-жылдарда 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/8 и; 70 млн т жый­налат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги ж. б., көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички ай­мактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур ж. б.) ж-а май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал ка­мыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бра­зилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Индияда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Индияда) ж-а чай (Брах­мапутранын өрөөнүндөгү ж-а Чыгыш Гималай­дын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (2/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймакта­ры Батыш Индиядагы Декан траппы ж-а Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жый­налган) өндүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орундар-

Файл:ИНДИЯ15.png
Ча й ж а лб ы р аг ы н ж ыйн оо. Б ат ы ш Бенгалия.

да. Түштүк Индияда чай, кофе, каучук, кокос пальма­сы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон ж. б.) өстүрүлөт. 2000-жылы 240 млнго жакын бодо мал (анын ичинде 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1-орунда; негизинен унаа катары пайдаланы­лат), 123 млн эчки ж-а 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/5 и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун өлчөмү боюнча (6,6 млн т , анын ичинде деңиз балыктары 3,8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн ката­рына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, уст­рица ж. б. кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маа­лымат технологиясы, каржылоо, соода, транс­порт, байланыш ж-а телекоммуникация ж-а туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалы­мат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006–07). Бул сектордун башкы сегменти – программалык кам­сыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багыт­талган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик ж-а мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бө­лүмдөрүнүн, аманаттарынын ж-а кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит м-н камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнү­гүүдө; 2005–06-жылдарда Индияга 3,5 млндон ашык ту­рист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Герма­ниядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризм­ден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризм­дин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, ма­даний-таанып билүү (туристтер көп келген шаар­лары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климат­тык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Ги­малайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гима­лайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборло­ру; суу спортунун түрлөрү, анын ичинде Гоадагы дей­винг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына ба­руу) ж. б. Автомобиль жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2- (АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, Индиянын транс­порттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомо­биль жолунун жалпы узундугу 3320 миң км (2007), анын ичинде шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ыл-

Файл:ИНДИЯ16.png
Индия акчасы.

дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл ж. б. жолдору 2650 миң км. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирил­ген. Индия темир жол аркылуу Пакистан, Бангладеш, Не­пал м-н да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2- орунда). 12 ири, 180 орто ж-а чакан деңиз пор­ту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялар­дын ж-а каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Расмий эл аралык ж-а 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэро­порттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 6500 км, нефть продукту­сун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор шаарларында мет­рополитен иштейт.
Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тей­лөө кызматын экспорттоодон түшкөн ж-а чет өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген ки­решенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукция­сы, химия ж-а фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары ж-а текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар ж-а минерал­дар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорт­тук товарлары: отун (нефть, ж-а нефть про­дукциясы, көмүр), машина ж-а жабдуулар, ком­пьютер техникасы ж. б. электроника продук­циялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар ж-а куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар ж-а бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы ж. б. Негизги соо­да шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гон­конг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея.

Маданияты. Индиянын билим берүү мекемелери­не билим берүү министрлиги жетекчилик кы­лат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук сая­сат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Индиянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык би­лимге даярдоо, жогорку окуу жайлары билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн би­лим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарлар­да бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектеп­тер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ды, баштап­кы – 90%ды, орто – 54%ды түзөт. Калктын са­баттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004).
Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ий­гиликтерге жетишти. 1950-жылы 25 университет, 700 кол­леж болсо, 2006-жылы 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. Жогорку окуу жайларда 4 млндон ашуун адам би­лим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ды түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство му­зейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башка университеттери, ири жогорку окуу жайлары: Индия айыл чарба изилдөө институ­ту (1905), долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технология институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджа­рати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдар­шан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөл­дөнүп турат.
Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки III кылымда эле Инд өрөөнүндө сугат каналда­ры, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан са­лынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган бу­лактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо те­мир колдонулганы, металл иштетүү, оорулар­дын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар.
Инди маданияты Маурьялар династиясы бийле­ген мезгилден (биздин заманга чейинки IV–II кылым) биздин замандын VIII кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, ме­дицина, математика, астрономия жана башка тармак­тар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоз­дору киргизген. Физика менен химия боёк, дары­-дармек даярдоодо жана башкаларда колдонулган. Медици­нада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556–1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башка шаарларда обсерваториялар са­лынган. XVIII кылымдын орто ченинен өлкөнү европа­лыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башка англис илимпоздору да көп эмгек си­ңирген. XIX кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илим­поздор – математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис А. Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. XX кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баш­тоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик Х. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды кир­гизишкен.
Индиянын философия, адабият жана искусство жаатын­дагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки XV–X кылымдардан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адам­заттын эң байыркы маданиятынын мезгилинде пай­да болгон. 3000 жыл илгери Ведалар – байыр­кы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпос­тору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки IV–III кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Cанскрит тилинде «Панча­тантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Ти­руваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр ките­би – байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чы­гармасы. Анда даанышман башкаруучунун об­разы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын тара­лышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253–1325; Мирза Бедил, 1644– 1721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. XIX–XX кылымдарда адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү ча­гылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жа­зуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бен­гал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Но­бель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдеги адабият менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн.
Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лот­хал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки IV–II кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу са­рай имараттары салынган. XIII кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн.

Файл:ИНДИЯ17.png
Жайндардын Калькуттадагы храмы.

Мусулман ме­читтери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салын­ган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (XVI–XVII кылымдар) Агар, Дели шаарларынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мармар күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (XVIII кылым–1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги имараттар пайда болгон. Орто кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. XIX–XX кылымдардын чегинде башында А. Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз са­лышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.
Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кай­сы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма бол­босун ыргактуу салттык үн айкалыш – рага­нын негизинде импровизацияланат. Улуттук не­гизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 1950-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык ра­дионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн.

Файл:ИНДИЯ18.png
Р. Варма. «Шакун­т а ла » . 1 9 - к -д ы н аягы.

Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Ра­маяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана ту­юндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. XX кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-жылы Индия искусство борбору негизделген.
Индия көркөм тасмаларды тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тасма тар­туу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Ка­пурдун «Селсаяк» тасмасында элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жары­мынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Канна­дагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносу­нун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), А. Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жам­гыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд кино индустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл ара­лык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.


Ад.: Рябчиков А. М. Природа Индии. М., 1950; Ан­тонова К. А., Бонгард-Левин Г. М., Котовский Г. Г. История Индии. М., 1979; Сингх Г. География Индии. М., 1980; Экономика Индии: отраслевой анализ. М., 1980; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Гусева Н. Р. Многоликая Индия. М., 1987; Бонград-Левин Г. М. Древнеиндийская цивили­зация. М., 1993; Индия сегодня. Справочно-аналити­ческое издание. М., 2005; Маляров О. В. Внешняя торговля Индии. М., 2006; Индия // Большая Россий­ская энциклопедия. Т. 11. М., 2008; Миллер М. Шесть систем индийской философии. М., 1900; Краткая ис­тория литератур Индии. М., 1974; Короцкая А. А. Сокровища индийского искусства. М. 1966; Ольден­бург С. Ф. Культура Индии. 2-е изд. М., 2004; Дее­ва Б. Ч. Индийская музыка. М., 1980; Драматургия и театр Индии. М., 1961; Кино Индии / Под ред. М. Л. Салганин. М., 1987; Индия сегодня. М., 2005.

Б. Мудаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.

Файл:ИНДИЯ19.png
«Девдас» фильминен бир кадр. Режиссёру П. Ч. Ба­руа. 1935.