МИЯНРУДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЯНРУДАН, Миёнрудон - Нарын жана Кара-Дарыя (Эки-Суу) аралыгынын орто кылым­дагы аталышы. Буга азыркы Кетмен-Төбө өрөө­нү да кирген. М. жөнүндө маалымат негизинен 10- к-дагы араб-фарсы тилинде жазылган эмгектер­де (Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик», «Худуд ал-Алам» ж. б.) кезигет. Араб саякат­чысы ал-Мукаддаси өз чыгармасында («Ахсан ат-такасим фи марифат ал-акалим») М-да жай­гашкан 9 шаарды (Насрабад, Манара, Ранжад (Ренжед), Шикит, Заркан, Хайралам, Башба­шан, Уштикан, Узкенд) көрсөткөн. Аймактын борбору Нарын (Хайлам) д-нын боюндагы чоң мечити бар Хайралам (Хайлам, Хатлам) ш. бо­луп, ал Кетмен-Төбө өрөөнүнөн орун алган. Кытайга каттаган Улуу Жибек жолунун эки айрылышында (Ош, Аксыкент) жаткандыктан, М. саясий жана экономикалык жактан өтө маанилүү бол­гон. Тарыхый-археол. жактан көптөгөн эсте­ликтер калган.

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1., Б., 2003.