БЫЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 17 май 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧАК – кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар ашкана куралы. Таш, коло доорлорунда пайда болгон. Ал адегенде таш, коло, кийин темирден жасалган. Жасалышына карата шамшар, маки, кыӊырак сыяктуу көп түргө бөлүнөт. Мүйүз, сөөк жана жыгачтан сап жасап, зергерлер оюм-чийимдерди түшүрүп, асыл таштарды чөгөрүшкөн.