МАРГУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:36, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРГУН (тажикче мар - жылан, гун - жок болду) - Баткен облусунун Лейлек районундагы кыш­так. Маргун айыл аймагына караштуу. Деңиз

деңг. 1030 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 90 км түндүк-батыш тарап­та. Пролетарск (Тажикстан) т. ж. бекетинен 29 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 2175 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенип, килем токуу менен алектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, почта, дарыкана, ФАП бар. Базар иштейт. Б. Амираева.