МАРШ (аскердик)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:32, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРШ (фр. marche - салтанаттуу жүрүш, алга жылуу) - белгиленген убакытта болжогон чек­ке жетүү үчүн аскерлердин уюшкандык менен алга жылуусу. Колонна түрүндө күжүрмөн машина­ларда, транспорттук каражаттарда же жөө тартипте жүргүзүлөт. Согуш мезгилинде аскер­лер фронтту көздөй, фронтту бойлой же фронт­тон оорукту карай; салгылашуунун алдында же душман менен кагылышуу коркунучу жок болгон­до; массалык жок кылуу куралын колдонгондо же аны колдонуу коркунучунун шартында М. жасалышы мүмкүн. М. эреже катары түнкү­сүн жашыруун түрдө, кээде (согуш аракеттери­нин жүрүшүндө) күндүз да жасалат.

Б. Кышшообаев.