МАРХАМАТ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРХАМАТ ШААР КАЛДЫГЫ - биздин замандын алгач­кы кылымдарында Фергана өрөөнүндөгү тур­гун журттардын бири. Өзбекстандын Анжиян обл-ндагы Мархамат кыш-на жакын жерде, Ара­ван суусунун жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы формада. Айланта бекем дубал-

Мархамат: 1-8 - кара­па: 1,2 - боёк менен сүрөт тартылган; 3-6 - чий­ме түшүрүлгөн; 7-8 - кызыл топурак жала­тып, күйгүзүлгөн; 9- 10 - кумар ойнунда кол­донуучу сөөктөр; 11 Араван кыш-нын жа­нындагы аскага тартыл­ган аттардын сүрөтү (Ю. А. Заднепровский боюнча).

дар менен курчалып, айрым жерлерине кыш му­наралар тургузулган. Дубалдын ичинде куру­луштар болгон.