МАРКОВ Георгий Мокеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКОВ Георгий Мокеевич [7(20). 4. 1911 - Том губерниясы, Новокусков кыш. - 26. 9. 1991, Москва] - орус совет жазуучусу, коомдук иш­мер. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1930-32-жылы Томск университетинен окуган. Чыгармалары 1936- жылдан жарыялана баштаган. «Строговдор» деген тарыхый-революциялык романында (1-2-китеп, 1939-46) Сибирде Совет бийлигинин орношу, социалисттик өзгөрүштөр көрсөтүлгөн. Строговдор «династия­сынын» кийинки тагдыры «Жер маңызы» (1- 2-китеп, 1954-60) деген романында улантылат. М. советтик адамдардын коммунизм идеалы үчүн кү­рөшүн даңазалаган «Ата жана бала», Октябрь революциясынын алдындагы Россиянын турмушу жөнүндөгү «Сибирь» (1-2-китеп, 1969-73) роман­экилтигин, «Жөө аскер» (1947-48), «Хинган­дык шумкарлар» (1967) повесттерин жазган. Адабияттын актуалдуу маселелерин курч козгогон «Турмуш. Адабият. Жазуучу» (1971) деген мака­лалар жыйнагы да бар. СССР мамлекеттик (1952, 1974) жана Лениндик сыйлыгы (1976) лауреаты. Анын «Ата жана бала» романын 1984-жылы Ш. Абдыл­даев, башка чыгармаларын А. Жанышев, К. Аб­дыкеримов кыргыз тилине которгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Чыг.: Хингандык шумкарлар. Ф., 1972; Сибирь, 1-2-китеп. Ф., 1975-76.

Ад.: Смоляницкий С. На земле отцов: очерк твор­чества Георгия Маркова. 2-е изд. М., 1978; Г. М. Марков. Биобиблиографический указатель. Томск, М., 1978.