МАРАЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРАЗМ (грекче тагавтбз - арыктоо, начарлоо) - адамдын мээ кыртышынын атрофиясында психикалык аракеттин өтө төмөндөгөн аба­лы. Борбордук нерв системасын жабыркатуучу айрым оорулардан, мисалы, карылыктан болгон кем акылдык, атеросклероз, шишик жана пси­хоздун кээ бир түрлөрүнүн кесепетинен өөр­чүйт. Оорулуунун алы кетет, өңүнөн санаркоо, кыйналуу байкалат, себепсиз эле ыйлап же күлөт. Денесине бир нерсе тийсе онтойт, кый­кырат, сөздү түшүнбөйт. Өтө арыктап, териси саргыч тартып бырышат, тез бышарат, көп жа­тып калгандыктан, оюлуп кетет. Ошондуктан андай оорулууну жакшылап багуу талап кы­лынат.