МИХАЛЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИХАЛЁВ Андрей Николаевич [12 (25). 1. 1910, Нижний Новгород - 1981] - график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1975). 1939-жылы Москва сүрөт институтун бүткөн. 1939-жылдан Кыргызстанда жашап, чыгармачылыгын улант­кан. Фрунзе сүрөт окуу жайынын окутуучусу (1939- 41) Кыргыз ССР эл чарба жетишкен­диктери көргөзмө­сүнүн башкы сү­рөтчүсү (1947-52). Сүрөт

фондунун председатели (1940-44), Кыргызстан сүрөтчүлөр союзу­нун башкарма­сынын төрагасы (1952-53). Маданият министрлигинин эксперт кол­легиясынын редактору (1964-68), көркөм эксперт коллегиясынын башкы редактору. М-дун чы­гармаларына турмушту кеңири сүрөттөө мүнөздүү. «Жаңырган Ысык-Көл» (акварель, се­рия, 1948-49), «Рыбачьедеги эски көчө» (1956), «Өспүрүмдүн бир күнү» (литография, 1960-61), «Ак алтын өлкөсү» (1962-63), «Спорт» (1968) ж. б. чыгармалары белгилүү. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Ад.: Прыткова Л. А. Андрей Николаевич Михалёв, Ф., 1971.