МИФТАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИФТАКОВ Каюм (28. 6. 1892, Уфа губерния­сы, азыркы Башкыртстан, Салават району, Ним­баш айылы - 1949, Фрунзе) - педагог, фольк­лорист, кыргыз эл оозеки чыгармаларын жый­ноочу. Башкыртстандагы «Расулия» диний

мек­тебинен окуган. Эл оозеки чыгармаларын жыйноо ишин 1907-жылы казак жерин­де мугалимдик кылып жүр­гөндө баштаган. Кыргызстанга 1916-жылы келген. Бул жерде эл оозеки чыгармаларын жыйноого Совет бийлиги орногондон кийин активдүү киришкен. 1920-жылы Талас­тын Грозный районунда мек-

теп инспектору болуп жүрүп, ал аймактагы акындардан, жомокчулардан лирикалык ырлар­ды, санжыраларды, жоө жомокторду, дидакти­калык чыгармаларды жазып алган. 1921-жыл­дан Ысык-Көлдүн азыркы Тоң районундагы жети жылдык мектепте директор болуп, туңгуч эл ад­тын жыйноо ийримин уюштурган. 1922-жылы Ат­Башы, Тогуз-Торо, Кочкор, Эки Нарындын ба­шына чейин кыдырып, элдик чыгармаларды жыйнаган. С. Орозбаковдон «Манас» эпосун жазып ала башташы да ошол мезгилге туура келет. 1938-45-ж. Ж. Кожековдон «Ак Мөөр» менен «Семетей» эпосун кагазга түшүргөн. 1947-жылы Ноокат жана Алай р-ндорунда болуп, 4 ай бою кыргыз этнографиясы, тарыхы, фольклору боюнча материалдар жыйнаган. М. кыргыз фольк­лорунун ар түрдүү жанрларын жазып алуу (жый­ноо) жагынан өтө чоң эмгек сиңирген. Анын оозеки мурастардын көркөм табияты, идеялык өзгөчөлүктөрү, эл турмушундагы мааниси жөнүндө жазган макалалары 1920-жылдары Алматыда чыккан «Жети-Суу правдасы», «Тилчи», «Ак жол», Кыргызстанда чыккан «Эркин Тоо», «Совет­тик Кыргызстан» гезиттерине басылып турган.

Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык та­рыхынын очерки. Ф., 1973.