МИТОХОНДРИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИТОХОНДРИЯЛАР (грекче mitos - жип, сйопб­г1оп - бүртүк, данча), хондриосомалар­өсүмдүк менен жаныбар клеткасында дайыма кез­дешүүчү органоид. Ал клетканын дем алуусун камсыз кылат, дем алууда энергия бошонот же женил өздөштүрүлгүдөй формада топтолот. Бак­терия, көк жашыл балыр ж. б. прокариоттордо М. болбойт. Аларда М-дын кызматын клетка мембранасы аткарат. М. тоголок, таякча, ган­тель сымал ж. б. формада болот, өлчөмү 0,5- 1,5 мкм. М-дын чоңдугу, саны, формасы жана мил­дети тышкы таасирге, патол. процесске жана клетканын физиол. абалына жараша өзгөрүп турат. Ички түзүлүшү бирдей. Негизги заты - матрикс эки кат мембрана менен капталган, алар­дын ичкиси кристер деп аталган туура тоскоол­дорду пайда кылат. М-дын белок менен липиддин татаал комплексинен турган мембранасында окистенүү жана фосфорлонуу процесстерин ката­лиздөөчү ферменттер топтолгон. Ички жана сырткы мембрана липиддердин саны жана фер­менттердин курамы боюнча айырмаланат. М-да жипчелер түрүндөгү дезоксирибонуклеин кисло­тасы. (ДНК), рибонуклеин кислотасынын (РНК) бардык түрү жана рибосомалар бар. Ошондуктан М. белокту синтездөөгө жөндөмдүү.

Ад.: Ленинджер А. Митохондрия. М., 1966.