МИРШАКАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРШАКАР [чын аты-жөнү - Мирсаид Мир­шакаров; 23. 4(6. 5). 1912, азыркы Тажикстан Респ., Шугнан району, Синдев кыш. - 1992, Дүйшөмбү] - тажик акыны, коомдук ишмер, Тажик ССР эл акыны (1962). Ырлары 1930- жылдан жарыялана баштаган. Тунгуч поэма­сы - «Жеңиш туусу» (1934). «Алтын кыштак» (1942), «Багынбас Панж» (1949; экөө тең СССР мамлекеттик сыйл., 1950), «Ленин Памирде», «Бакыт ачкычы», «Тоо кызы», «Лениндин көз карашы» (1964) поэмалары менен «Вакыт» (1952), «Тажик­стан жазы» (1958) ыр жыйнактары - тажик со­вет поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнөн. М.

дра­матург катары да белгилүу («Ташбек менен Гүлкубран», «Мугалимдин сүйүүсү», «Чек ара­дан алыста», 1963). М. - тажик балдар адабиятына негиз салгандардын бири. Эки Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Чыг.: Любовь и долг. Поэмы. М., 1964; Половодья жизни, М., 1972; Алтын кыштак//«Советтик Кыр­гызстан», 1953, № 4.

Ад.: Кедрина 3. Мирсаид Миршакар, М., 1954; Мирзозода X. Мирсаид Миршакар, Душанбе, 1962.