МИРТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЙРТОВ Валериан Владимирович [29 (11). 10 (11). 1912, азыркы Рязань обл., Сапожок кыш. - 1. 2. 1994, Бишкек] - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), проф. (1974). Кечки жумушчу факультетин (1933), Новосибирск т. ж. транспорт ас­керлер инженерлер институтун (1939), ВКП(б) БКга караштуу Партиялык пропаганда мектебин (1944) бүтүргөн. 1939-42-ж. Новосибирск т. ж. транс­порту аскер инженерлер институтунда окутуучу, 1942-44-ж. партиянын Новосибирск шааркомун­да бөлүм башчы, 1944-47-ж. Кыргыз ССР тыш­кы иштер министринин жардамчысы, 1948- 53-ж. Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаган­да бөлүмүндө лекторлор тобунун башчысы, 1954-72-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Пар­тия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер, 1972-77-ж. КММИде кафедра башчысы, 1977- 88-ж. Кыргызстан КП ВКнын алдындагы Партия та­рыхы институтунун сектор башчысы болуп иште­генетикалык Кыргызстан КП тарыхына арналган жүздөн ашык илимий эмгектин, макалалардын автору.

Эмг.: Болыпевик Алексей Иваницын. Ф., 1963; Идейное и организационное укрепление областной партийной организации Киргизии. Ф., 1966.