МИРРАХИМОВ Мирсаид Мирхамидович
МИРРАХИМОВ Мирсаид Мирхамидович (27. 3. 1927, Фрунзе - 2. 10. 2008, Бишкек) - кардиолог, медицина илимдеринин доктору (1965), проф. (1968), Кыргыз ССР Ианын академиги (1974; корр. мүчөсү, 1969). СССР МИАнын акад (1988). 2 жолу Кыргыз ССРинин (1978, 1984) жана СССРдин (1981) Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1987).
Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1962), Кыргызча ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1972). Нью-Йорк ИАнын мүчөсү (1996). КММИни бүтүргөн (1948). Ошол эле жерде ассистент (1952-56), доцент (1956-58), кафедра башчысы (1958-63), проректор (1963-78). 1978-жылдан

Кыргызстан кардиология
ИИИнин, 1996-2007-жылдары КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин М. атындагы УКТБдун директору болуп эмгектенген. 1995-жылдан КМШ өлкөлөрүнүн Кардиологдор ассоциациясынын президенти, КРдин Терапевттер жана кардиологдор коомунун төрагасы. 700дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде, 32 монография, 19 ойлоп табуулары бар. Илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Ал - бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири; бул тармактагы ата мекендик мектепти түзүүчү. Анын изилдөөлөрү бийик тоолуу жерлерде жашаган адамда жүрөк ишемиясы жана гипертония оорусу аз таралганын белгилеп, алардын этиология менен патогенезин иликтөөгө, ички оорулардын клиникасынын өзгөчөлүгүн байкоого, ага туура диагноз коюуга жана дарылоого мүмкүндүк берген. Эки Ленин, «Ардак Белгиси», Элдердин достугу, Октябрь Революциясы, 1- жана 3-даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1975-85) жана СССР Жогорку Советинин (1989-94) депутаты.
Эмг.: Состояние сердечно-сосудистой системы в условиях высокогорья. Л., 1968; Лечение внутренних болезней горным климатом. Л., 1977; Иммунология коронарный болезни сердца (в соавторстве). Б. 2007.