МИРЗАХИДОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРЗАХИДОВА Миясар (17. 9. 1961-жылы туулган, Жалал-Абад ш.) - тилчи, түрколог, доцент (2006), проф., филология илимдеринин доктору (2011). КРдин эл агартуусунун отличниги (2006). Жа­лал-Абад педагогикалык окуу жайын (1980), Өзбекстанда­гы Анжиян педагогикалык институтун (1989) бүтүргөн. Жалал­Абад ш-ндагы № 2-мектептин мугалими (1980- 89), Сузак р-ндук билим берүү бөлүмүнүн кыз­маткери (1989-91), Жалал-Абад обл. Бишкек билим берүү институтунун лектору (1989-99), Жа­лал-Абад обл. билим берүү башкармалыгынын илимий борборунда бөлүм башчы (1991-98), ЖАМУда окутуучу (1993), кафедра башчысы (1996; 2010- 12), ошол эле окуу жайда кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборунда окутуучу (1989-2009), Өзбек бөлү­мүнүн башчысы (1999), ЖАМУнун проф. (2012- жылдан).

Эмг.: Кыргызский язык. 3-класс. Таш., 1998; Лек­сикология. Жалал-Абад, 2005; Морфологиялык кате­гориялардын система катары табияты. Б., 2008.