МИРАБИЛИТ
МИРАБИЛИТ (латынча mirabilis - таң каларлык), глаубер mysу (немис химиги И. Р. Глаубердин атынан) - сульфаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Ма2[ЗО4]Н2О. Катуулугу 1,5-2,0. Салыштырма салмагы 2,66. Суудажакшы эрийт. Даамы ачуу, mysдуу. Кургакчылыкта суусу бууланып кетип, ак упадай күкүмгө айланат (тенардит - Ыа2ЗО4). Туздуу көлдөрдө, ысык булактарда хемогендик жол менен пайда болот. Сода, жегич натрий өндүрүлөт. Айнек жасоодо, боёк даярдоодо, медицинада колдонулат.