МИОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИОМА (мио... жана ...ома) - булчуң тканынын зыянсыз шишиги. Жылма булчуңдагы (жатын, карын, ичеги, тери) М. - лейомиома, скелет жана жүрөктүн туура ала булчуңдарынан пайда болсо рабдомиома деп аталат. Демейде булчуң тканынан жана туташтырма ткандан турган шишик фибромиома деп аталат. Фибромиома көбүнчө жатында пайда болот. Жатын М-сы энелик клетканын функ­циясына байланыштуу гормондук бузулуудан, көбүнчө 30 жаштан өткөн аялдарда пайда бо­лот. М-да көпкө чейин кан агуунун натыйжа­сында аз кандуулук пайда болот, ошондой эле табар­сык, кичине жамбаш чарасындагы кан тамыр­ларды жана нервдерди кысат. Шишик этек кир токтогонго (50-55 жашка) чейин өсө берет. М-сы бар аялдар врачтын көзөмөлүндө болуп, жылына 3-4 жолу кароодон өтүп туруусу ке­рек. М. тез өсүп, чоң болуп, консервативдүү да­рылоо жардам бербей, кан кете берсе, хирургиялык операция жасалат.

миопия, к. Алысты начар көрүү.