МИҢ-ЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ-ЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ - Кыргыз Ала-Тоосу­нун түндүк капталындагы эки мөңгү. Ысык-Ата капчыгайынын төрүндө (батыш тарабында) жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4800-4840 м, эте­ги 4240-4260 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4070 м; абляциясынын жалпы аянты 3,0 км2. Аянтынын 20%тейи мореналар менен кап­талган. Мөңгүлөрдөн Миң-Жылкы өзөнү (Ысык­Ата суусунун башы) башталат. Экол. абалы жакшы. Этегиндеги ысык жана минералдуу бу­лактарды Ысык-Ата курорту пайдаланат.