МИҢ-БУЛАК (Кара-Суу р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ-БУЛАК, В о д н ы й - Талас облусу Ба­кай-Ата районундагы кыштак. Бакай-Ата айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1062 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 18 км түндүк тарапта, Маймак т. ж. бе­кетинен 82 км. Калкы 2624 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, китепкана, бала бак­ча, ФАП, клуб, спорт комплекси бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Э. И. Штумм туулган.