МИНЕРАЛДУУ ТОЮТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНЕРАЛДУУ ТОЮТТАР - тоют кошундула­ры (кальций, фосфор, натрий, хлор, ошондой эле кээ бир микроэлементтер). Рациондо малга керек ай­рым химиялык заттар жетишсиз учурда тоютка ко­шулат. Көпчүлүк тоютта натрий менен хлор же­тишсиз болгондуктан, рационго кайнатма mys (курамында натрий менен хлор болот) кошулат. Кальций кошумча тоюту катары майдаланган бор жана травертин (курамында 37% ке чейин кальций), өчүрүлгөн акиташ (33- 37% кальций), жыгач күлү, жумуртканын ка­быгы (айрыкча үй куштарынын) ж. б. пайдала­нылат. Жазы жалбырактуу дарактардын күлү абдан баалуу. Мисалы, кайыңдын күлүндө 22% кальций, 2,2% фосфор, 9,4% натрий, 7,2% ка­лий, 7,1% магний, 0,8% темир ж. б. болот. Рациондо бир эле мезгилде кальций да, фосфор да жетишсиз болсо, фосфор-кальций кошумча тоюту пайдаланылат. М. т. малга аралаш тоютка, силоско ж. б. кошуп бе­рилет. Алар рациондун минералдык курамына жараша жасалат.