МИЛЛЕР Мертон Говард

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЛЛЕР Мертон Говард (16. 5. 1923, Бостон - 3. 6. 2000, Чикаго) - америкалык экономист-финан­сист. Нобель сыйл. лауреаты (2009). 1943-жылы Гарвард университетин бүткөн. Чикаго университетинин проф. (1961-93), Чикаго соода палатасында (1983-85), Чикаго соода биржасында (1990-2000) коомдук­директор. М. Капиталдык рынок шартында ка­питалдын рыноктук наркына андагы баалуу кагаздар боюнча дивиденттик төлөмдөрдүн көбөйү­шү же азайышы таасир этпестигин, ошондой эле ры­нок капиталына катышкан фирманын наркы анын чыгарган баалуу кагаздары эмес, анын реалдуу активи менен аныкталарын далилдеген.

Эмг.: Сколько стоит фирма? М., 2001 (Ф. Модильяни менен бирге); Эмиссия облигаций для увеличения капи­тала//Мировая экономическая мысль. Сквоз призму веков. М., 2005. Т. 5, Кн. 2.