МИЛЛЕР Артур

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЙЛЛЕР Артур (17. 10. 1915, Нью-Йорк - 10. 2. 2005, Конектикут штаты, Роксбери) - америкалык драматург. «Коммивояжёрдун өлүмү» (1949) тра­гедиясында «кичине адамдын» үмүт, ишеним жана моралдык норма ката­ры туткан «ийгилигинин» кыйрашын чагылдырат. «Катаал сыноо» (1953) аттуу элдик тарыхый хрониканын автору.

Экзистенциалист­тик маанайдагы интеллек­туалдык драмасында («Бул Вишиде болгон», 1965) дүй­нөдөгү терс көрүнүштөр үчүн ар бир адамдын жоопкерчи­лиги көрсөтүлөт. «Дүйнөнүн жаралышы жана башка иштер» (1972) аттуу ко­медиясында адамдын күнөөлүүлүгү жана анын адеп-ахлакты тутууга кылган аракетинин орто­сундагы ирониялык коллизия берилген. «Аме­рикалык хронограф» (1980) ж. б. пьесалары бар.