МИКСЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКСЕР (англ. mixer - аралаштыргыч) — 1) м е­таллургияда- домна мешинде цилиндр же челек сымал идиш. Анда эритилүүчү чоюн­дун химиялык курамы жана температурасы бирдей абалга келтирилет, ошондой эле күкүртсүздөндүрүлөт. М-дин сыйымдуулугу 2500 гга чейин болот; 2) т и р и­ч и л и к М-и - жемиш жана жашылча креми, коктейли ж. б. тамактарды жасоодо аралаш­тыруучу, чалуучу прибор. М-де азыктар электр кубаты менен айландырылат, атайын идиште ара­лаштыргыч же бычак менен майдаланат же ча­лынат.