МИКРООРГАНИЗМДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРООРГАНИЗМДЕР, микробдор­микроскоп менен гана көрүнүп, көбүнчө бир клет­кадан гана турган жандыктардын жалпы аты. М. жөнүндөгү илим - микробиология. М-ге бакте­риялар, микоплазмалар, актиномициттер, ачыт­кычтар, микроскоптук козу карындар, жөнө­көйлөр жана вирустар кирет. М. прокариоттор жана эукориоттор болуп эки чоң топко бөлүнөт. Прокариоттордун ядролорунун кабыгы жок, амитоз жолу менен бөлүнөт, хромосомасы бирөө, цитоплазмасында митохондрийлери, көпчүлүгү­нүн хромотофорлору болбойт. Булар: бактерия­лар, микоплазмалар, актиномициттер, көк жашыл балырлар. Эукориоттор - ачыткычтар, микроскоптук козу карындар жана балырлар. Алардын клеткаларынын ядросу сыртынан ка­бык менен капталган, хромосомалары бир нече, цитоплазмасында бардык органоиддер бар, башкача айтканда клеткасы татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткасынан айырмаланбайт. М-диң формасы, тиричилик циклдери ар түрдүү. Денеси бир же көп клеткадан турат. Көбү мите - өсүмдүк илдетин, жаныбардын ылаңын жана адамдын жугуштуу ооруларын козгогучтар. М-дин сапрофиттери жана автотрофтору (кай бир

бактериялар, балырлар) дабар. М. жаратылыш­та кеңири таралган. Алар топуракта, сууда, атм­рада жана ысык, суук, жог. басым ж. б. катаал шарттарда да жашоого ыңгайланышкан. Ошон­дуктан М-ди биосферанын чегинен да жолукту­рууга болот. М. бөлүнүү, бүчүрлөө жолу менен, спо­ралар аркылуу көбөйөт. М-дин жаратылышта заттардын айланышында жана эл чарбачылыгын­да мааниси зор.

Ад.: Стейнер Р., Эдельберг Э„ Ингрэм Дж. Мир микробов. М., 1981; Коротяев Анын Ичинде, Бабичев С. А. Медицинская микробиология, иммунология и вирусо­логия. 4-е изд. СПб., 2008.