МИКОПЛАЗМАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКОПЛАЗМАЛАР (МоШсиШз) - клетка кап­талы жок, плазма мембранасы менен гана чек­телген бактериялар классы. Формасы өзгөрмө, кээде жип сымал өсүндүсү бар майда, адатта кыймылсыз клеткалар. Эң жөнөкөй кокк сы­мал түзүлүштүү денече пайда кылуу же бөлүнүү жолу менен көбөйөт. М. - көбүнчө көп клеткалуу организмдердин клетка аралык ткандарында өсүүчү сапрофиттер же мителер. Айрымдары адамдын (өпкөнүн сезгениши), жаныбарлардын (уйдун өлөт ылаңы) жана өсүмдүктөрдүн илдетин пайда кылат. Кээ бир М. анаэробдуу бактерия­ларды ажыратууга жөндөмдүү.