МИДУЭЙ АТОЛЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИДУЭЙ АТОЛЛУ Тынч океандын борбордук бөлүгүндө, Гавайи а-нан түндүк-батышта жайгаш­кан. Аянты 6,2 км2. Атоллго Чыгыш жана Кум­дуу а. да кирет. М. а-н 1859-жылы америкалык капитан Брукс ачкан. 1867-жылдан АКШнын ээлиги. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн командачылы­гы атоллду Мидуэй («жолдор ортосу») деп ата­ган. Калифорниядан Японияга кеткен жолдун ортосунда. 1903-жылы трансокеан кабель байланыш станциясы, 1935-жылы «Панам эруэйз» аэродрому

курулган. 1941-жылдан 1993-жылы чейин АКШнын аскер-деңиз базасы болгон. 1942-жылы атоллдо айы­гышкан катуу согуш болуп, анда Япония фло­ту талкаланган. 1996-2001-жылы туристтер келип турушкан. Учурда АКШнын улуттук коругу.