МИГРАЦИЯ (демография)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИГРАЦИЯ (латынча migrans - көчүп жүрүү) - 1) көчүү, жер оошуу; 2) к а л к т ы н М-сы - жер которуштурууга байланыштуу элдин бир жерден башка жерге көчүшү; жашаган жерин мезгилдүү, узак убакка же биротоло өзгөртүшү. Калктын М-сы сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы М. - калктын эмиграциясы менен имми­грациясы, ички М. кыштактан шаарга жер ко­торушу, ошондой эле бир жерден 2-жергекөчүүсү. Кээ­де М-га маятник М-сы деп аталган М. да кирет (жашаган жеринен башка жерге дайыма жумуш­ка же окууга барып келүүсү). М. кийинки учур­да Кыргызстанда да тездик менен өсүүдө. Эмгек миг­ранттары КМШ өлкөлөрүнө, өзгөчө Россияга, Казакстанга жана чет жактарга кетүүдө. 2011-жылы эле Кыргызстандын аймагынан болжол менен 45,7 миң адам башка жактарга кеткен. Өлкө ичин­дги М-да күч алууда.