МЕХАНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕХАНИЗМ (грекче mechane - машина) - бир же бир нече нерсенин кыймылын башка нерсенин керектүү кыймылына өзгөртүүчү система. М. структура-констр-лык белгилери боюнча шарнирдүү (рычагдуу), муштумчалуу, тиштүү, шыналуу, бу­рамалуу, фрикциялуу, гидравликалык жана электр түзүлүштөгү ж. б. болуп айырмаланат. М. чекиттеринин траекториясы бир же парал­лель тегиздиктерде болсо, ал тегиздик М. (криво­шип-жылгычтуу, муштумчалуу, планеталуу, шынаалуу ж. б.), ал эми калгандары мейкин­дик (бурамалуу, червяктуу ж. б.) М-дерине ки­рет. М. бир же бир нече эркин даражага ээ. Бир эркин даражалуу М. кеңири белгилүү. Кыймыл­даткыч, кыймыл бергич, кыймыл аткаргыч М-дин жыйнагы машинаны түзөт. Кээ бир ма­шина бир эле М-ден турат. М-ди изилдөө менен долбоорлоо методу - машина жана механизм­дер теориясынын бир бөлүгү.