МЕТИЛАМИН
МЕТИЛАМЙН, СН3ИН2 - алифаттык эң жөнөкөй амин, молекулалык салмагы 31,06; аммиак жыттанган уулуу газ; кайноо 1 6,32°С; сууда, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Оңой күйөт жана аба менен жарылуу коркунучун алып келген аралашмаларды пайда кылат. Ал - күчтүү негиз; М. касиеттери жагынан биринчилик аминдерге окшош, кислоталардын ангидриддери, галоген ангидриддери жана эфирлери менен кислоталардын. метиламиддерин пайда кылат. Этилендин кычкылы менен метилдиэтаноламинге айланат. Ө. ж-да формалинге хлордуу аммонийди кошуп ысытуудан алынат. М. инсектициддерди, фунгициддерди, беттик активдүү заттарды, дары-дармектерди жана антрахинон боёкторун алууда колдонулат.