МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР - атм-да пайда болуучу кубулуштар. Буга абанын темп­расы, басымы, нымдуулугу, шамалдын багыты, күчү, ылдамдыгы, булут, жаан-чачын, атм-нын тунуктугу, жер кыртышынын, суунун үстүнкү бетинин температурасы, Кун радиациясы, Жер менен атм-нын узун толкундуу нурланышы, аба ыра­йынын өзгөрушү, чагылган, бороон ж. б. кирет. Мындай элементтердин өзгөрүп турушу атм. процесстердин натыйжасы болуп эсептелет. Аба ырайы менен климатты аныктайт. Метеорол., аэрол. приборлор менен байкоо жүргузүлөт.