МЕТАМОРФОЗ
МЕТАМОРФОЗ (грекче те1ат6грИб815 - айлануу) - 1)жаныбарларда - организмдин түзүлүшүнүн личинкадан жетилген особго айлануу процессиндеги терен өзгөрүүлөр. М. жаныбарлардын жеке өөрчүсүндө - онтогенезде жашоо шарты менен жашоо мүнөзүнүн кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу келип чыккан. Мисалы, сууда эркин сүзүп жүрүүдөн бир нерсеге жабышып жашоого, суудан кургакка же абага ж. б. өтүүдөгү өзгөрүүлөр. М. менен өөрчүүчү жаныбарлардын тиричилик циклинде жетилген жандыктан кескин айырмаланган эч болбогондо бир личинка стадиясы болот. М. мүнөздүү жаныбарлар онтогенездин тигил же бул стадиясында түрдүү функция аткарып, түрдүн сакталышына жана өркүндөшүнө түрткү берет.

Жөнөкөй омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр ж. б.) сууда эркйн сүзүп жүрүүчү личинкалары түрдүн таралышын камсыздайт. Мындай М. жыныстык же жыныссыз көбөйүүчү муун алмашуу менен татаалданат. Муун алмашуусуз М-до жумурткадан личинка чыгып, түрдүн таралуусун камсыз кылат. Деңиз жаныбарлары mysсуз сууга жана кургакка жашоого өткөндө өөрчүүнүн личинка стадиясын жоготкон. Курт-кумурскалардын канатынын өөрчүшү алардын онтогенезинин өзгөрүшүнө алып келген. Эгер түйүлдүктөн кийинки алгачкы стадиясы жетилген формасына (имаго) окшош болсо, жуму.рткадан жетилген курт-кумурскага окшош личинка (нимфа) өөрчүп, андан аркы өөрчүшүндө акырындап канаты чыгат. Бул толук эмес айлануу же гемиметаболия деп аталып, ийнелик, таракан, термит ж. б. жаныбарларга мүнөздүү. Эгер онтогенезде негизги функциялар кескин өзгөрүлсө, толук айлануу же голометаболия делет. Бул

