МЕТАЛЛ ДЕФЕКТИЛЕРИ (МАНДЕМИ)
МЕТАЛЛ ДЕФЕКТИЛЕРИ (МАНДЕМИ) - металлдардын химиялык курамы, түзүлүшү, бүтүндүгү, механикалык ж. б. касиеттеринин техникалык жактан каралган белгилүү сапатынан четтеши. М. д. (м.) алардын физикалык, химиялык касиеттерин, мисалы, электр өткөргүчтүгүн жана магнит өткөрүмдүүлүгүн, бекемдигин, тыгыздыгын, ийкемдүүлүгүн төмөндөтөт. М. д. (м.) атом масштабында, мисалы, кристалл дислокациялары, вакансиялар ж. б; андан ирирээги - кристалл блокторунун чегинде жана анын бетинде пайда болуучу субмикроскоптук жаракалар; андан да ирилери металл технологиясы жеткиликтүү өркүндөтүлбөгөндүктөн жана көп компоненттүү куйманын технол. касиетинин төмөндүгүнөн пайда болуп, металлдын бүтүндүгү же бир тектүүлүгү бузулгандан болгон микрожана макроскопиялык болуп бөлүнөт. Металл буюмдагы жана чала фабрикаттагы келегейлер өлчөмү, жайгашуусу, жаратылышы боюнча бири биринен айырмаланат. Алар металл эритүүдө, куйма алууда, басым менен иштетүүдө, термиялык, химия-термиялык, электр-химиялык жана механикалык иштетүүдө, ширетүүдө, кандоодо, кадоодо пайда болот. Металлда мындай кемчиликти болтурбай, сапаттуу металл алуу үчүн металл технологиясын жакшыртуу жана металл сапатын текшерүү ыкмаларын өркүндөтүү керек. Металлдын сапаты химиялык, спектрдик, рентген структуралык анализ жана металлогр. анализдер менен текшерилет.
Ад.: Чернышов Е. А. Дефекты отливок и меры их предупреждения и исправления. Н. Новгород, 2002.