МЕТАКРИЛ КИСЛОТАСЫ
МЕТАКРЙЛ КИСЛОТАСЫ (а-м етилакрил комитет а с ы), СН2=С(СН3)-СООН - молекулалык салмагы 86,09; кескин жыттуу, түссүз суюктук. Кайноо 1160,5°С; сууда, эфирде, спиртте эрийт. Бөлмө температурасында оңой полимерленет да, полиметакрил кислотасын пайда кылат. М. к. натрий амальгамасы менен изомай кислотасына чейин калыбына келет; иоддуу суутек менен Р-иодизомай кислотасын берет; бромду кошуп алып а, Р-дибромизомай кислотасын; негиздер жана спирттер менен метакрилаттарды же татаал эфирлерди пайда кылат. М. к. полимерлешүү реакциясына оңой кирип, полиметакрил кислотасына айланат. Ө. ж-да М. к. жана анын эфирлери ацетондон өндүрүлөт. Ошондой эле хлороформ менен ацетондун конденсациясынан алынган заттын щелочь менен (температуранын таасиринде) аракеттенүүсүнөн алынат. СН3СОСН3+ +НСС13-КОН(СН3)2С(СС12)2ОН-СН2=С(СН3)СООН М. к. жана анын туундулары техникалык маанилүү полимерлерди жана срполимерлерди, органикалык айнекти, каучуктарды, ион алмаштыргыч чайырларды, метакрилаттарды өндүрүүдө кеңири колдонулат.