МЕТАГАЛАКТИКА
МЕТАГАЛАКТИКА (мета... жана галактика) - Ааламдын азыркы астрономиялык методдор менен изилденүүчү бөлүгү. Биздин Галлактика же Саманчы жолу - М-нын курамына кирген жылдыз системаларынын бири. Кубаттуу телескоп менен М-нын көбүрөөк аймагын көрүүгө болот. 20-к-дын ири телескобу менен байкоо аркылуу бизге белгилүү жарык тумандуулуктар, зор жылдыз системалары экени аныкталган. Бул М-нын өнүгүшүнө түрткү болду. М-да галактикалардын 17% и эллипстик галактикалар, 80% и спиралдык, ал эми 3%ке жакыны формасыз экендиги далилденди.