МЕРКИТ (уруу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРКИТ - дөөлөс (төөлөс) уруусуна караштуу уруктардын бири. Этноним адегенде «мергендер» (моңголчо «мэргэд») деген маанини түшүндүрүп, азыркы буряттардын түпкү аталары болгон де­ген пикир бар. М-тер алгачкы жолу кытай та­рыхында («Цидань го чжи» - «Кидан мамлеке­тинин тарыхы») «мэй-ли-цзи» түрүндө берилип, кидандардын аскер башчысы Вотэла 1093-жылы аларды чаап алганы айтылат. Кээ бир окумуш­туулар Марко Полонун эмгегиндеги бекри уруу­ларынын М-терге окшош экенин эскертишет. Рашид ад-Дин М-тер моңголдордун бир бөлүгү экенин жазган. М-тер өз ара увас, хаат, удуит деген үч бутакка бөлүнөт. Анын ичинен удуит­тер көп сандуу болуп, кезегинде алар уйгур, му­дан, тудахиин, жиюн деген уруктарга тараган. 12-13-к-да Онон, Керулен, Селенга д. жана Тун­кин өрөөнүнө жакын аймактарды мекендешкен. 1213-18-ж. моңголдор тарабынан чабылып, аман калганДары Кытайдын түндүгүнө жана О. Азияга качууга аргасыз болушкан. Азыркы учурда Волга боюндагы калмактарда (хо-мер­кит, ики-меркит), ошондой эле өзбек, түркмөн жана моң­голдордун ичинен кезигет.

О. Каратаев.