МЕРИМЕ
МЕРИМЕ Проспер (27. 9. 1803, Париж - 23. 9. 1870, Канн) - француз жазуучусу. Француз академиясынын мүчөсү (1844). Сорбонна университетин бүткөн (1823). Туңгуч романтикалык пьеса жыйнагы - «Клара Гасуль театры» (1825). «Жакерия» драмалык хроникасында (1828) жана «Карл 1Хнун бийлигинин хроникасы» (1829) романында Франциянын өткөндөгү тарыхын баяндайт. М. экзотикалуу, фантазиялуу жана реалдуу психол. новеллаларды да жазган. Ал орус маданиятына кызыгып, Анын Ичинде жана И. С. Тургеневдер, С. А. Соболевский менен таанышкан. Гоголь, Тургенев, Пушкин жөнүндөгү макалаларында орус адабиятын пропагандалаган. М-нин чыгармаларынын сюжетине пьеса, музыкалык комедия, опералар (Ж. Бизенин «Кармени», 1875) жазылып, фильмдер тартылган.
Ад.: Фретъе Ж. П. Мериме. М., 1987.