МЕРГЕНЧИЛИК СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРГЕНЧИЛИК СПОРТУ - ар кандай жаш ку­рактагы адамдар үчүн эс алуунун мыкты фор­масы. М. с. адамды эрктүү, күчтүү, чымыр, тай­манбас, чыдамдуу болуугатарбиялайт. Эң жак­шы фауна М. с-нун өнүгүшүнө чоң шарт түзөт. Айбанаттарга болгон М. с-нун ичинен коёнго, түлкүгө, аюуга, каманга жүргүзүлгөн аңчылык кеңири тараган. М. с. тек гана курал менен болбос­тон, ит, бүркүт менен да жүргүзөт. Кыргыз эли­нин М. с. өтө бай, к. Аңчылык.