МЕКОНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕКОНГ - Индикытай ж. а-ндагы эң ири да­рыя. Кытай, Лаос, Камбожа, Вьетнамдын ай­мактары (айрым жеринде Лаостун Мьянма жана Таиланд менен болгон чек арасы) аркылуу агат. Узундугу 4500 кмдей, алабынын аянты 810 миң км2. Тибет тайпак тооосундагы (Тангла кырка тоо­сунан) башталып, Сина-Тибет тоосунун терең капчыгайлары, Юньнань тайпак тоосу, Чыонг­шон тоосунун батыш тармактары, Камбожа түздүгү аркылуу агып, Түштүк Кытай деңизине куярда саздуу дельтаны (аянты 70 миң км2че) пайда кылат. Негизги куймалары: Мун, Тонле­сап (оң), У, Тхэн, Сан (сол). Негизинен жам­гыр, жогорку агымында ошондой эле кар, бир аз мөңгү сууларынан куралат. Жай-күз мезгилдеринде суусу кирип, деңгээли 10-15 лгге чейин көтөрү­лөт. Агымын жөнгө салууда Тонлесап көлүнүн мааниси зор. Нугу шаркыратмалуу (Кон ж. б.), босоголуу. Орт. чыгымы Пномпень ш. тушта 13,2 миң м?/сек, айрым жылдары 67 миң м?1сек- га чейин жетет. Жылына орто эсеп менен 1,5 км3 шиленди агызып келет. Төмөнкү агымында су­гатка пайдаланылат. Өрөөнүн суу жайпап жат­кандыктан, анда шалы өстүрүлөт. Суу-энерге­тикалык ресурсу өтө зор (75 миллион кВг чамасын­да). 700 км, суу киргенде 1600 км аралыкка (Вьентьянга) чейин кеме жүрөт; деңиз кемелери 350 кмге (Пномпенге) чейин жетет. Боюнда Луангпрабанг, Вьентьян (Лаос), Пномпень ш. (Камбожа) жайгашкан.