МЕЙОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЙОЗ (грекче meiosis - азаюу) - клетканын бө­лүнүүсүнүн өзгөчө ыгы, натыйжада хромосома­лардын саны азайып, диплоиддик абалдан гап­лоиддик абалга өтөт; гаметогенездин (жыныс клеткаларынын өөрчүшү) негизги звеносу. М. ДНК репликациясынан кийин (премейоздук ин­терфазада) жүрөт. Анда гендердин кокустан, бири-бирине көз карандысыз рекомбинациясы жүрөт. Организмдин тиричилик циклиндеги ор­дуна байланыштуу М-дун 3 тиби белгилүү: зиго­талык, гаметалык жана споралык. Зиготалык же башталгыч М. (көпчүлүк козу карындар менен ба­лырларда) уруктануудан кийин зиготада жүрүп, гаплоиддүү мицелий же таллом, андан кийин споралар менен гаметалар; гаметалык же акыркы М. жыныс органдарында жүрүп, гаметалар жа­ралат. Споралык же аралык М. (татаал түзү­лүштүү өсүмдүктөрдө) өсүмдүк гүлдөө алдында жүрөт да, гаплоиддүү гаметофит, андан кийин гаметалар пайда болот. Жөнөкөйлөрдө М-дун 3 тиби тең болот. М. митозго караганда узагы­раак өтөт. Мисалы, буудайда 24 с, чычканда 11- 14, кишиде 24 суткага созулат. Ядронун эки жолу ырааттуу бөлүнүшүнөн ДНКнын саны эки эсе­ленет. М-дун эки жолу ырааттуу бөлүнүшүнүн ортосунда интеркинез стадиясы өтөт жана ал хромосомалардын санынын азайышы менен кош­толот. Интерфазада клетканын бөлүнүүгө даяр­дануу процесси жүрөт. М-до митоздогудай эле профаза, метофаза, анафаза жана телофаза ста­диялары өтөт (к. Митоз). Профазада гомол. (түгөй) хромосомалар жакындашып, бири бирине жабышат (коньюгация). Түгөй хро­мосомалардын бири энеден, экинчиси ата орга-

Мейоэ стадиялары

низминен келгендиктен, бул процесстин биол. мааниси чоң, анткени коньюгация мезгилинде эки хромосоманын ортосунда өз ара таасирлер, ал түгүл окшош бөлүктөрдү алмашуу болот. Метафазада ядро кабыгы, ядрочо жого­лот. Митоздук аппарат калыптанат. А н а ф а­з а д а түгөй хромосомалар бири биринен ажы­рап, клетканын уюлдарына өтөт. Т е л о ф а­з а д а эне клетканы эки жаш клеткага бөлгөн тосмо пайда болот. Андан ары жаш клеткалар­дын бөлүнүүсү митозго окшош. Жаш клетка­лардагы спираль абалындагы хромосомалар эк­ватордук тегиздикте жайгашат да, эки хрома­тидге (жаш хромосомаларга) ажырайт. Жаш клеткаларда ядрочо, ядронун кабыгы калып­танат, хромосомалардын буралуусу жанып, жипче формага айланат. Бул учурда клетканы тең экиге бөлгөн пластинка (өсүмдүктө) же мембрана (жаныбарда) пайда болот. Ушуну менен М. бүтөт да, пайда болгон 4 жаш гаплоиддүү клеткалар интерфаза абалына өтөт.

Ад.: Генетика, биохимия и цитология мейоза. М., 1982; Ченцов Ю. С. Введение в клеточную биологию. 4-е изд. М., 2004.