МЕЗГИЛ (математика)
МЕЗГИЛ — 1) мезгилдүү ондук бөлчөктө кайталануучу цифралар (к. Мезгилдуу бөлчөк); 2) функциянын М-и - аргументтин каалаган маанисине кошкондо же андан кемиткенде функциянын мааниси өзгөрбөгөн кандайдыр бир нөлгө барабар эмес Т саны: /(х)=/(х-Т)=/(х+Т); 3) термелүү М-и - гармониялык термелуудө у=Асоз (со4+<р) функциясынын касиеттери кайталана турган облус; 4) группанын М-и - берилген группанын элементтеринин тартибинин (группа мезгилдүү жана анын бардык элементтеринин тартиби бир жыйындыда чектелген деп эсептелет) эң кичине жалпы бөлүнүүчүсү. Группанын М-и группанын көрсөткүчү деп да аталат.