МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ - катуу кар­маган ооруларда, түрдүү кырсыктан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туулганда шашы­лыш медициналык жардам көрсөтүү кызматы. Жапа чек­кендерге М. т. ж. кырсык болгон жерде (көчөдө, үйдө, жумушта), оорулууну ооруканага алып ба­ратканда ж. б. учурларда көрсөтүлөт. Андан тышкары оорулууну, төрөй турган аялды ста­ционардык дарылоо мекемелерине жеткирет. М. т. ж. көрсөтүүгө атайын мекемеден тышка­ры борборлоштурулган диспетчерлик кызмат, радиолошкон медициналык машина, реанимация бөлүмү көмөктөшөт. М. т. ж. машинасы телефон бай­ланышы, дем алдыруучу, наркоз берүүчү ап­параттар, портативдүү электр кардиограф ж. б. менен жабдылган. Ири шаарларда М. т. ж. берүүчү атайын бригадалар түзүлгөн. Тез жардам стан­циясы жок жерде медициналык жардамды бардык дары­лоо, алдын алуу мекемелери көрсөтүүгө мил­деттүү. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондорго медициналык шашылыш жардам көрсөтүүдө санавиация­нын мааниси чоң.