МЕГАЛИТ МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕГАЛИТ МАДАНИЯТЫ - энеолит менен коло дооруна таандык бир катар археол. маданияттар­дын жалпы ататышы. Мегалит курулуштары (дольмендер, менгирлер, кромлехтер ж. б.) ошол кезде тургузулган. Кээ бир илимпоздор бул ку-

Мегалит маданиятына тиешелүү көрүстөндөр ком­плекси (Ирландия, Бойн суусунун жээги).

рулуштарды адегенде Батыш Европанын деңиз жээктеринде жашап, кийин башка аймакка та­раган уруулар салган деп божомолдошкон. Би­рок азыркы изилдөөлөр бул божомолду төгүнгө чыгарып, Европада мегалит курулуштарын са­луу түштүктөгү бирдиктүү борбордон түндүккө тарагандыгын далилдейт.