МАШИНА ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАШИНА ТААНУУ - машиналар жөнүндөгү илим; ал машина жана механизмдер теориясын, маши­на тетигинин бекемдигин констр-лоону жана эсептөөнү, машинадагы жешилүүнү ж. б-ны изилдейт. М. т. теориялык жана эксперименттик изилдөөгө, ошондой эле математика, физика, материал­дар каршылыгы, материал таануу ж. б. илим­дерге негизделген. М. т-га машиналардын жана механизмдердин жалпы теориясы, машина те­тиктери сыяктуу предметтер кирет. 1920-30- жылдары машина теориясы боюнча орус окумуш­туусу И. И. Артоболевский механизмдин түзүлүш классификациясынын жалпы теориясын иштеп чыккан. 1930-жылы Н. ,Г. Брусевич тарабынан мей­киндиктүү механизмдин кинетостатика маселе­си чечилген. Кийин механизмдер синтезинин теориясы өнүктү. Атап Айтканда Благонравовдун илимий эм­гектери механика жана куралданууга багыттал­ган. 1950-60-жылдары орус окумуштуулары К. В. Фролов, П. А. Ребиндера, В. В. Соколов­ский, Атап Айтканда Ильюшин, И. А. Вышнеградский, Н. Е. Жуковский ж. б. тарабынан М. т. боюнча көп эмгектер жасалган. М. т. 20-к-да өтө өнүгүп, машина куруунун жаңы мууну жана жаңы илимий багыттар: автоматтащтыруу, робототехника, космостук М. т., биомеханика, эргомеханика пайда болду жана жаңы материалдар (аморфтуу, наноматериалдар) кошулду. 20-к-дын аягында 21-к-дын башында космонавтика, авиация, транспорт, ядролук энергетикасынын өнүгүшү­нүн негизинде татаал шартта иштөөчү, сапат­туу жаңы машина жана технол. системаларды жаратуу талаптары коюлду. Учурдагы машина КУРУУ жана автоматташтыруу проблемалары ком­пьютердик өнүгүү менен тыгыз байланышта. М. т. боюнча фундаменталдык изилдөө техникалык илимдин жана илимий техникалык прогресстин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Ад.: Фролов К. В. Избранные труды. М., 2007. Т. 2: Машиноведение и машиностроение.