МАША

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАША Кыдыр уулу (1900, Куршаб өрөөнү, Жалпак-Таш айылы - өлгөн жылы белгисиз) - семетейчи. Адигинеден тараган таздар уруусунан. 14 жа­шынан «Семетей» айта баштаган. «Семетейди» Кыдыраалы деген жомокчудан үйрөнгөн. М-дан ыр түрүндө «Семетейден» чакан эпизод жазы­лып алынган. Бул эпизоддо Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учуп, баатырларды сынаганы, Ча­чыкейге жолукканы, шумкарын качырып жи­берген Семетейдин Айчүрөктү издеп чыгып, ага кошулганы баяндалат. Эпизод кара сөз менен баш­талат. Эпизоддо Айчүрөк менен Семетейге байла­ныштуу айтылган салттык окуя негизинен сак­талган.